Каратаева Сонайым Кубатбековна

    Каратаева С.К.,
ТҮРК ЖАНА МОНГОЛ ТИЛДЕРИНДЕГИ САНДАРДЫН СИМВОЛИКАСЫ
Страницы:91-97      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2020-2-91-97

Акыркыжылдардаалтаистикадасандардынсимволикасыжанаалардынэтнолингвистикалыктабиятычоңкызыгуунужаратууда. Булмакаладатүркжанамонголтилдериндегисандыксимволиканынлексика-семантикалыкөзгөчөлүктөрүизилденет.

Полный текст

    Каратаева С.К.,
ТҮРК ТИЛДЕРИНДЕ БАЙЫРКЫ СОЗУЛМАЛАРДЫН ДИФТОНГДОШУУСУ
Страницы:30-35      Язык:  lorem    DOI: 10.33514/1694-7851-2022-2-30-35

  Бул макалада түрк тилдериндеги анын ичинде кыргыз тилиндеги байыркы дифтонгдор жана байыркы созулмалардын дифтонгдошуу процесси изилденген. Байыркы созулмалардын дифтонгдошуусун түрк тилдеринин калыптаныш тарыхынан байкоого болот. Байыркы созулма үндүүлөрдүн дифтонгдошуусунда түрк тилдеринде күчтүк басым негизги ролду ойногон. Мындай созулуп айтылуунун натыйжасынан келип чыккан дифтонгдошууга өзгөчө кууш үндүүлөр дуушар болгон. Бирок белгилеп кетүүчү нерсе, дифтонгдошуу бардык түрк тилдеринде универсалдуу мүнөзгө ээ болгон эмес. Азыркы түрк тилдеринин ичинен түркмөн тилинин диалектилеринде, халадж тилинде байыркы созулмалардын дифтонгго өткөн формаларын кезиктирүүгө болот. Мындай дифтонгдор аркылуу тигил же бул түрк тилинде байыркы созулмалардын болгондугун далилдөөгө болот. 

Полный текст

    Каратаева С.К.,
МОНГОЛ ТИЛДЕРИНДЕГИ ТҮРК СӨЗДӨРҮНҮН ФОНЕТИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Страницы:257-263      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2022-3-257-263

Байыркы түрк уруулары менен монголдордун ортосундагы этникалык-маданий, экономикалык жана саясий өз ара байланыш байыркы замандардан бери учугу үзүлбөй уланып келе жатат. Мындай тектик байланыш жана көп кылымдык карым-катнаш түрк жана монгол тилдеринин фонетикалык, грамматикалык түзүлүшүнө жана лексикалык курамына таасирин тийгизбей койгон эмес. Бул макалада тилдик контактынын негизинде түрк тилдеринен монгол тилдерине өздөштүрүлгөн лексемалардын фонетикалык ыӊгайланышуусу изилденген. Түрк тилдеринен монгол тилдерине өздөштүрүлгөн сөздөр фонетикалык ыӊгайлашуу процессинен өткөн. Атооч сөздөрдү монгол тилдерине ыӊгайлаштырууда дайыма -ан/-ун мүчөсү жалганып айтылган. Монгол тилдерине өздөштүрүлүп алынган түрк сөздөрүндөгү тыбыштык тизмектер бул тилдердин ички мыйзамдарынын негизинде созулмага өткөн, негизинен  V+C+V тизмегиндеги көмөкөйчүл үнсүздүн түшүп калышынан созулма келип чыккан.

Полный текст

    Каратаева С.К., Айтбекова Н.М.,
ӨЗДӨШТҮРҮЛГӨН СӨЗДӨРДӨГҮ ДИФТОНГДОР ЖАНА АЛАРДЫН МОНОФТОНГДОШУУСУ
Страницы:301-307      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2023-4-301-307

Фонетикалык системадагы татаал фонетикалык бирдик катары белгилүү болгон полифтонгдордон кыпчак, огуз тобундагы бир катар түрк тилдеринде, ошондой эле кыпчакташуу процессине дуушар болгон карлук, уйгур тобундагы түрк тилдеринде жана диалектилеринде дифтонгдор мүнөздүү экендиги белгилүү. Мындай татаал фонетикалык бирдиктер түрк тилдеринин төл сөздөрүндө гана эмес, монгол, иран жана араб тилдеринен өздөштүрүлгөн сөздөрдүн курамында да кездешет.Түрк анын ичинде кыргыз тилине өздөштүрүлгөн сөздөрдүн курамында монгол, иран тилдеринен басыӊкы, араб тилинен көтөрүӊкү дифтонгдор келип кирген. Көпчүлүк учурда монгол тилдериндеги дифтонгдор кыргыз тилинде түпкү тилдеги турпатында колдонулуп, трансформацияга дуушар болгон эмес. Араб жана иран тилдериндеги дифтонгдор кыргыз тилинин ички фонетикалык мыйзамдарына ылайык созулмага өткөн, бирок алардын трансформациясы түрдүүчө жүргөн.   

Полный текст