Чоров М. Ж.

    Касымалиева Г..., Чоров М.Ж.,
МЕКТЕПТЕРДЕ ИНТЕРАКТИВДҮҮ ОКУТУУНУН ПЕДАГОГИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ
Страницы:7-10      Язык:  lorem    DOI:

Макалада мектептерде интерактивдүү окутуунун педагогикалык негиздери жана интерактивдүү окутуунун маңызы, педагогикадагы интерактивдүү окутуунун бир нече ыкмалары жөнүндө баяндалган. 

Полный текст

    Тагаева З.Б., Чоров М.Ж.,
АНАТОМИЯ КУРСУН ОКУТУУДА ДИДАКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ МЕТОДИКАСЫН ӨРКҮНДӨТҮҮ
Страницы:7-14      Язык:  lorem    DOI:

Бул макалада анатомия курсун окутууда дидактикалык  материалдарды пайдалануу методикасын өркүндөтүү (медициналык адистер үчүн) маселеси каралды. Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайга даярдоодо биология курсун окутууда дидактикалык материалдарды пайдалануу менен окучууларга кесипке багыттап окутуу зарылдыгы келип чыкты. Мына ушуга карата макалада педагогикалык багытта анатомия курсун окутуу процессинде дидактикалык материалдарды колдонуу эффективдүүлүгү берилген.

Полный текст

    Ниязова Н.Д., Чоров М.Ж.,
ЭКОЛОГИЯ САБАГЫНДА КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ (CLIL) МЕТОДИКАСЫН КОЛДОНУУ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Страницы:276-278      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-4-276-278

Макалада жогорку окуу жайларда экология сабагында CLIL технологиясын ишке ашыруу чагылдырылган. Бул тармакта адистешкен ата мекендик жана чет элдик авторлордун эмгектери каралып, негизги терминдер талдоого алынып, негизги төрт компонент аныкталган жана CLIL технологиясын колдонуу менен сабактарды уюштуруунун негизги принциптери көрсөтүлгөн. Дисциплиналар аралык байланыштарды кантип ишке ашыруу жана жогорку адистештирилген дисциплиналарды жана университеттин студенттерин окутууда экологияны кантип интеграциялоо керек деген суроого арналган

Полный текст

    Чоров М.Ж.,
САБАКТАГЫ ЖАНА САБАКТАН ТЫШКАРКЫ ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮ ИНТЕГРАЦИЯЛОО ПРОЦЕССИНДЕ ЖОГОРКУ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК МАДАНИЯТЫН ӨРКҮНДӨТҮҮ
Страницы:342-346      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-4-342-346

Макала сабактагы жана сабактан тышкаркы ишмердүүлүктү интеграциялоо процессинде жогорку класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын өркүндөтүү маселелерине арналган. Жалпы билим берүүчү орто мектептин жогорку класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандырууунун сабактагы жана сабактан тышкаркы ишмердүүлүктү интеграциялоо процессиндеги модели иштелип чыккан

Полный текст

    Сейдахметова Б.А., Наханов А.К., Керимбаев А.А., Чоров М.Ж., Султанкулова М.Ж.,
ИЗУЧЕНИЕ РАСПРОСТРАНЕНИЯ БОЛЕЗНИ НЬЮКАСЛА СРЕДИ ДИКИХ ПТИЦ, ОБИТАЮЩИХ В МЕЛКИХ ОЗЕРАХ СЕВЕРО-КАЗАХСТАНСКОЙ ОБЛАСТИ
Страницы:136-144      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-2-136-144

Дикие птицы являются природным резервуаром возбудителей многих инфекционных болезней, представляющих опасность для животных и человека. Настоящее исследование было проведено для изучения распространенности вируса болезни Ньюкасла среди диких птиц, обитающих в мелких озерах Северо-Казахстанской области, в течение миграционного сезона 2019 г. Всего было взято 140 клоачных смывов птиц, принадлежащих к 12 различным видам птиц – шилохвость (Anas acuta), лысуха (Fulica atra), бекас (Gallinago gallinago), голубая чернеть (Aythya ferina), серая утка (Mareca strepera), чернозобик (Calidris alpina), большой баклан (Phalacrocorax carbo), свиязь (Mareca penelope), чирок-трескунок (Spatula querquedula), серый гусь (Anser anser), лебедь-кликун (Cygnus cygnus), краснозобая казарка (Branta ruficollis), семейства Anatidae, Rallidae, Rostratulidae, Phalacrocoracidae. Все образцы были протестированы на вирус болезни Ньюкасла с помощью ПЦР с обратной транскрипцией (ОТ-ПЦР) с использованием праймеров специфичных для гена NP. В результате проведенных исследований установлено, что из 140 проб, доставленных в 2019 г. из мелких озер Северо-Казахстанской области 7 проб (5 %) положительно реагировали в ОТ-ПЦР на вирус болезни Ньюкасла. Вирус болезни Ньюкасла был выявлен у птицы чирок-трескунок (Spatula querquedula) семейства Anatidae. Постоянный контроль за циркуляцией вируса болезни Ньюкасла в природных популяциях диких птиц необходим для предупреждения эпизоотий среди сельскохозяйственных и домашних птиц 

Полный текст

    Чоров М.Ж., Дейдиева Р.У.,
ОРТО МЕКТЕПТЕРДЕ БИОЛОГИЯНЫ ОКУТУУДА КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК МАМИЛЕНИ ИШКЕ АШЫРУУНУН ЖОЛДОРУ
Страницы:197-201      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-2-197-201

Макалада жалпы орто билим берүүчү мектептерде билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, биологияны жогорку деңгээлде окутуунун негизинде окуучулардын билимдеринин, билгичтеринин, көндүмдөрүнүн жана негизги жана предметтик компеттенттүүлүктөрүнүн сапатын жогорулатуу башкы милдеттери каралган. Азыркы кездеги мектептин ишин компетенттүү мамиле маселеси – ар бир мугалимдин окуучуларды сапаттуу окутуп, тарбиялоого кесипкөйлүүлүктү талап кылууда. 

Полный текст