Абдыкалыкова А. А.

    Абдыкалыкова А.А.,
Э. АРАБАЕВ ЖАНА К. ТЫНЫСТАНОВ – КЫРГЫЗ ТИЛ ИЛИМИНИН БАШАТЫ
Страницы:14-19      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-4-14-19

Бул илимий макалада кыргыз тилинин, кыргыз тил илиминин негиздөөчүлөрү, биринчи алиппенин автору – Э. Арабаев, профессор К.Тыныстанов – кыргыз тилинин фонетикасын, лексика, лексикографиясын, терминологиясын, алфавит, орфографиясын, грамматикасын (морфология, синтаксис), тиешелүү традициялык маселелерин илимий-нормативдик аспектиден терең териштирип аныктаган окумуштуу

Полный текст

    Абдыкалыкова А.А.,
КАСЫМ ТЫНЫСТАН УУЛУНУН “ОРТО МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ПРОГРАММАСЫ”
Страницы:207-215      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-207-215

Бул илимий макалада кыргыз тилинин, кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, кыргыз тилинин нормативдик грамматикасын негиздеген, кыргыз тилинин программасын түзгөн, биринчи “кызыл” профессор Касым Тыныстан уулунун “Орто мектептер үчүн кыргыз тилинин программасы” (1937) тууралуу сөз болмокчу. Программанын түшүндүрмөсүндө программа окуучуларга мурун белгисиз маалыматтарды берүү менен катар, өткөн жылдардагы алынган билимдерди бышыктоого, тереңдетүүгө жана жалпылоого арналгандыгы айтылган. Ошону менен катар мугалимге программадагы кайсы материал, кайсы тема кандайча түшүндүрүлүшү керектиги көрсөтүлөт. Ошондой эле адабий тил менен диалектилер, алардын жакындашып келе жатканы; имланын, жалпы басма сөздүн бул жөнүндөгү ролдору, кыргыздын адабий тилинин негизги тамырлары: кыргыздын жандуу речи (элдин жандуу речи), араб-иран тилинин калдыктары жана орус тили менен дагы ошол аркылуу кирип жаткан сөз байлыктары, тилдин таптык мүнөзү, мааниси, жат сөздөрдүн урунуудан чыгып жатканы, жаңы кирген сөздөр, маанисин жаңыга которуп жаткан сөздөр ж.б. тууралуу берилген.

Полный текст

    Абдыкалыкова А.А., Буранова Г.М.,
ТАТААЛДАШКАН СҮЙЛӨМДӨРДҮН ГРАММАТИКАЛЫК ТАБИЯТЫ
Страницы:215-225      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-215-225

Бул илимий макалада кыргыз тилинде, кыргыз тил илиминде сүйлөм, анын ичинде татаалдашкан сүйлөмдөрдүн изилдениши, алардын структура-семантикалык, грамматикалык жактан жасалышын териштирүүгө аракеттер жасалды. Татаалдашкан сүйлөм маселеси түрк тилдеринин айрымдарында атайын максат менен гана изилденбестен, анын тигил же бул проблемалары көрүнүктүү түркологдор тарабынан да талдоого алынып келгендиги баса белгиленди. Татаалдашкан сүйлөм менен кадимки жөнөкөй сүйлөмдөр өз ара айкындооч мүчөлөрүнүн синтаксистик түзүлүшү, синтаксистик катыштарынын мүнөзү, башкача айтканда, предикативдүүлүктүн берилиши, синтаксистик байланыштын түрлөрү боюнча, сүйлөмдүн түзүлүшүнүн формалык каражаттары аркылуу жана интонациялык жактан айырмаланары аныкталды.

Жыйынтыктап айтканда, татаалдашкан сүйлөмдөрдү тиги же бул грамматикалык касиеттерине карата топторго бөлүштүрүү аркылуу анын компоненттеринин ортосундагы байланыштарды так аныктоого болот. 

Полный текст