Кюршад Гульбеяз .

    Кюршад Г...,
ЗУРНА ТҮРК ЭЛДИК ОЮНДАРЫНДА
Страницы:80-92      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2021-4-80-92

Зурна же зурна сыяктуу аспаптар тарыхта айрыкча Европа, Түндүк Африка жана Азия өлкөлөрүндө колдонулуп келген. Ал ушунчалык кең географияда жана ар кыл улуттарда колдонулгандыгына байланыштуу, дагы деле болсо кайсы улутка таандык экендиги белгисиз. Ошондой эле, ал Балкан өлкөлөрүнөн Анадолу жана Түркстанга чейин бүткүл түрк дүйнөсүндө колдонулуп келген жана колдонулуп келе жатат. Ушул себептен тактоо үчүн “түрк аспабы” деп айтуу туура эмес окшойт. Түрктөр зурна, зурнай, сирнай, сурнай, сарна, сорна сыяктуу ысымдарды зурнага беришкен, Анадолуда ал тойлордо, аш-тойлордо, элдик ырларда, элдик бийлерде, театрлаштырылган оюндарда, музыка, салттуу спорт оюндарында б.а.жашоонун бардык учурларында колдонулган. Бүгүнкү күнгө чейин зурна жөнүндө көптөгөн изилдөөлөр жана тезистер жасалып келсе дагы, аны «элдик бийде» колдонуу боюнча илимий изилдөөлөр жетиштүү деңгээлде жүргүзүлө элек. Бул изилдөө ушул тармактагы кемчиликти толтурат деп ишенем. Изилдөө компиляция ыкмасы менен адабиятты карап чыгуунун натыйжасында аныкталды. Натыйжада, кыскача тарыхы, зурнанын түрлөрү, бөлүктөрү жөнүндө маалымат берилди жана кайсы элдик бий жанрларында колдонулгандыгы ушул изилдөөдө аныкталды.

Полный текст