ЖУРНАЛГА ИЛИМИЙ МАКАЛА ЖАРЫЯЛОО ҮЧҮН АВТОРЛОРГО МААЛЫМАТ

«И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ»

 И. Арабаев атындагы КМУнун илимий-инновациялык бөлүмү, мурда жарыяланбаган басылманын илимий жана тематикалык мазмунуна ылайык келген  илимий макалаларды кабыл алат.

КР УАКтын талабына ылайык кесиптик басылмалар үчүн басылманын профили, илимий макала төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

  1. Проблеманын коюлушу жана аны изилдөөнүн актуалдуулугун аныктоо;
  2. Сунушталган макалада жалпы маселенин мурда чечилбеген бөлүктөрүн бөлүп көрсөтүү менен акыркы изилдөөлөрдү жана басылмаларды талдоо;
  3. Эмпирикалык базанын изилдөөнүн теориялык негиздери, методологиясы жана мүнөздөмөлөрү;
  4.  Максаттарга ылайык изилдөөнүн негизги жыйынтыктарын көрсөтүү;
  5.  Изилдөөнүн жыйынтыктарын колдонуунун тыянактары жана перспективалары.

Макаланы жасалгалоо

1. Макаланын УДКсы (барактын биринчи бетине сол бурчуна коюлат)

2. Автордун фамилиясы, аты, атасынын аты, төмөнкү иреттүүлүктө: кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылат

3. Илимий даражасы жана наамы,  төмөнкү иреттүүлүктө: кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылат

4. Иштеген орду, мамлекети жана шаары төмөнкү иреттүүлүктө: кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылат

5. Авторлордун электрондук дареги

6. Макаланын аталышы, макала кайсы тилде жазылгандыгына карабастан төмөнкү иреттүүлүктө: кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылат.  Аталышы баш тамгалар менен жазылат, андан кийин чекит коюлбайт

 7. Аннотация - төмөнкү иреттүүлүктө: кыргыз, орус, англис тилдеринде (100- 250 сөз) жазылат.

8. Түйүндүү сөздөр- төмөнкү иреттүүлүктө: кыргыз, орус, англис тилдеринде (эн аз 10 сөз) жазылат.

9.Макаланын көлөмү адабияттар, чийме, сүрөт, таблицалары менен 7-12 бет (12000-30000 белгиден, аралык орундарды кошкондо (пробел)) же 0,5 печ.барак.

10. Библиографиялык маалыматтар макаланын аягында альфавиттик иреттүүлүк менен берилет (башында адабият, кириллица менен терилген, андан кийин - латынчаГОСТ Р 7.0.7-2009 талаптарына ылайык.

11.Шилтемелер – чарчы кашанын ичине [4, 54 б.],  мында биринчи сан адабияттын катары, экинчи – алынган бетти билдирет.

Макаланын электрондук вариантынын милдеттүү ченемдери:

  1. Wordформатта жазуу;
  2.  TimesNewRomanшрифти, өлчөмү – 12, саптардын арасы– 1,15,барактын бардык тарабы - 2 см. менен берилет;

Сүрөттү, таблицаны жана чиймелерди жасалгалоо:

  1. ар бир графикалык материал (фото, таблица, сүрөт, график, чийме)катар саны коюлуп, түшүндүрмөсү жазылат;
  2. жазуулар так жана түшүнүктүү болушу зарыл.

Кошумча

  1. Макала Антиплагиаттан өткөрүлөт, оригиналдуулугу 80%дан жогору болууусу зарыл.
  2. Макала,адистиги боюнча дал келген илимдердин доктору/кандидаты тарабынан бир сырткы рецензия менен коштолот.
  3. Рецензия- рецензент иштеген уюмдун мөөрү жана күбөлөндүрүлгөн рецензенттин колу менен берилет.
  4. Авторлор кол койгон макалалар РИСОнун позициясы менен дал келбеген өз көз караштарын билдирет.
  5. Редакциялык кеңештин экспертизасынын ички (жашыруун) редакциялоосу бар.
  6. Зарылчылыкка жараша редактор макалаларды кыскартууга жана адабий редакциялоого укуктуу.
  7. Макала arabaevanayka@gmail.comэлектрондук почтага:doc, word., төлөм акынын квитанциясы сканерленип кошо салынат.
  8. Жарыялоо үчүн жогорудагы талаптарга жооп бербеген макалалар кабыл алынбайт!
  9. Жарыяланбаган макалалардын кагаз нускалары, ошондой эле электрондук варианттары кайтарылбайт, бирок авторлоргобасылманын жарыяланбагандыгытууралуу кабарланат.

 

*Эскертүү:

• Авторлор жана рецензенттер макалада келтирилген фактылардын жана маалыматтардын аныктыгы, чыгарылган тыянактардын негиздүүлүгү жана макаланын илимий деңгээли үчүн жоопкерчиликтүү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Макаланы жасалгалоонун үлгүсү:

УДК:

Мамбетакунов Э.М.

Педагогика илимдеринин доктору, профессор,

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекттик университети, Бишкек ш.

mambet90@gmail.com

 

ТАБИЯТТЫН СУЛУУЛУГУ ЭСТЕТИКАЛЫК ТАРБИЯЛООНУН КАРАЖАТЫ КАТАРЫ

Аннотация:

Негизги сөздөр:

Мамбетакунов Э.М.

Доктор педагогических наук, профессор, 

Кыргызский государственный университет им.И.Арабаева, г.Бишкек

mambet90@gmail.com

 

КРАСОТА ПРИРОДЫ КАК СРЕДСТВО ЭСТЕТИЧЕСКОГО ВОСПИТАНИЯ

Аннотация:

Ключевыеслова:

E. Mambetakunov

Doctor of Pedagogy, Professor,

Kyrgyz State University named after I. Arabaeva, Bishkek с.

mambet90@gmail.com

 

THE BEAUTY OF NATURE AS A MEANS OF AESTHETIC EDUCATION

Annotation:

Keywords:

Негизги текст

Колдонулган адабияттардын тизмеси/Список использованной литературы(макалажазылган тилинде кɵрсɵтүлɵт/пишется на языке статьи)

  1. Абдурахманова Л.А. Биологические особенности размножения чайно-гибридных роз черенками в условиях[Текст]: автореф. дис. … канд. биол. Наук: 03.02.01/ Л.А.Абдурахманова – Ташкент, 1994. – 23 с.
  2. Семенов В.В. Философия: итог тысячелетий. Философская психология [Текст]/В.В. Семенов.-М.:Наука, 2000. – 64 с.
  3. Душина И.В. Народы мира [Текст]: кн.для чтения по географии /И.В. Душина, Т.Л. Смоктунова – М.:Баллас, 2004.– 271 с.
  4. Бурлуцкая Л.В., Миронова Н.В., Стефановская Е.В. Вегетативное размножение цветочных культур / Учебно-методическое пособие на модульной основе с диагностико-квалиметрическим обеспечением. – Ростов-на-Дону: Южный федеральный университет, 2009. – 64 с.
  5. Государственный Эрмитаж (Санкт-Петербург). Отчетная археологическая сессия (2002) [Текст]: тез.докл./Гос.Эрмитаж. – СПб.: Изд-во Гос. Эрмитажа, 2002.– 62 с.
  6. Мороз Е.П., Малаева Е.В. Особенности вегетативного размножения роз одревесневшими и зелеными черенками // Сборник научных трудов Государственного Никитского ботанического сада. – 2018. – Т. 147. – С. 137–138.
  7. Художественная энциклопедия зарубежного классического искусства [Электронный ресурс]. – М.: Большая Рос. энцикл., 1996. – Режим доступа: www…… - Загл.с экрана.