Качикеев Т. Ж.

    Аманкул к.Б., Качикеев Т.Ж.,
ЖОГОРКУ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН КЕСИПТИК ӨЗҮН-ӨЗҮ АНЫКТООДО ӨЗҮН-ӨЗҮ БААЛООНУН РОЛУ
Страницы:22-29      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-22-29

Макалада инсандын кесиптик өзүнөзүаныктоосунун маңызы ачылат. Өзүөзүн баалоо деңгээли менен инсандык багыттын ортосундагы байланышты аныктоого аракет кылат.  Өзүн-өзү баалоо сезимин, анын толуктугун жана адекваттуулугун калыптандыруу кесиптик багыттын милдеттеринин бири экендиги көрсөтүлөт. Өзүн – өзү таануу, алардын мүмкүнчүлүктөрүн текшерүү объективдүү өзүн-өзү баалоону калыптандырууга жардам берери аныкталды.

Макалада кесип тандоонун ийгилиги өзүн-өзү баалоо деңгээлине көз карандылыгы ачыкталып, адекваттуу өзүн-өзү баалоо сезимине ээ окуучу өзүнүн окуудагы жетишкендиктерин жана ийгиликтерин, жөндөмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн салыштырып, туура чечимге келери, ал эми өзүн төмөн баалоо кесипти туура тандоого терс таасирин тийгизип, кесип тандоодо кыйынчылыктарга дуушарланууга алып келери ачып берилди.

Кесиптик өзүн-өзү аныктоо аспектисинде, өзүн-өзү баалоо-бул адам өзүн кесипкөй адам катары көрүп, баалап, болжолдонгон же өздөштүрүлгөн кесипте өзүнүн жөндөмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн баалайт.

Е. А. Климов "кесиптик өзүн-өзү аныктоо психологиясы " аттуу илимий эмгегинде кесип тандоодо өзүн-өзү баалоо деңгээлин изилдеген жана кесиптик өзүн-өзү аныктоонун көйгөйлүү кырдаалдары инсандардын өзүн-өзү баалоо деңгээлдерине жараша ар түрдүү типологияга ээ болорун аныктаган.

Макаланын аягында мектептеги жогорку класстардын окуучуларынын сурамжылоосунун жыйынтыктары талданды.

Полный текст