Калыкова Э. Э.

    Калыкова Э.Э., Имаралиева Ж.Р.,
БАЛАНЫН ТАРБИЯЛАНУУСУНА АТА-ЭНЕНИН ЖАНА МЕКТЕПТИН ИНТЕГРАЦИЯЛЫК ТААСИРЛЕРИ
Страницы:44-51      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-44-51

Баланын мектепке көнүп, адаптацияланышына үй-бүлөнүн, өзгөчө эненин  жана мугалими менен кура турган байланышынын негизинде  ар кандай болот. Бул макалада мектеп менен үй-бүлөнүн өз ара аракети – бул мугалимдер менен ата-энелердин биргелешкен иш-аракеттери жана баарлашуу процессиндеги мамилелеримектеп окуучуларына тийгизген таасирлери каралган. Тарбиялык маселелерди ийгиликтүү чечүү үй-бүлө менен мектеп өз ара аракеттенгенде гана мүмкүн болот. Башкача айтканда, мектеп менен үй-бүлөнүн өз ара аракетинен уламөзүнөн кичинекейлерге кам көрүүгө, ата-энелерин, улуу кишилерди, теңтуштарын урматтоого, сылык мамиле жасоого тарбиялайт. Андан сырткары, адеп-ахлак нормаларына таянуу мугалимге балдар менен педагогикалык маселелерди чечүүдө түшүнбөстүктөрдөн жана бөлүнүүчүлүктөн качууга жардам беришижана алардын таалим-тарбиялык маанилери изилденген. Изилдөө атайын үй-бүлөнүн балдардын өз убагында билим жана кесипке үйрөтүүсү, балдарды адептүүлүккө тарбиялоосу, эмгектик көндүмдөрдү, коомдук мүлктү урматтоо, баланын ден соолугуна өзгөчө кам көрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө карат жүргүзүлгөн. Натыйжада, баланы тарбиялоодо үй-бүлө менен мектептин өз ара аракетинин таасирлери чоң болооору жана сабак учурунда мугалимдер менен үй-бүлөнүн ортосундагы кызматташтык мамилелерди калыптандыруу узак процессэкендиги илимий-методикалык жактан далилденди.

Полный текст