Сейталиева Э. С.
ФУНКЦИИ ТЕКСТОВЫХ ЗАДАЧ В КУРСЕ МАТЕМАТИКИ НАЧАЛЬНЫХ КЛАССОВ
В статье рассматриваются вопросы обучения текстовых задач в курсе математики начальных классов и их функции. Даны противоречия в методике обучения решению простых задач. Уточнены основные функции в процессе решения составных задач. Были сделаны выводы проведенного анализа теории и практики обучения младших школьников решению текстовых задач и тех функций, которые они выполняют в процессе обучения математике. Даннаяметодикаможетприменятьсявусловияхинклюзивнойшколы.
ГЕОМЕТРИЯНЫ ОКУТУУ ПРОЦЕССИНДЕ ОКУУЧУЛАРДЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖƟНДƟМДҮҮЛҮКТƟРҮН ƟНҮКТҮРҮҮНҮН ШАРТТАРЫ
Макала геометрияны окутуу процессинде окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүнө арналган. Геометрия окуучулар үчүн татаал предмет сыяктанат. Аны турмуш менен байланыштырып, практикалык маанисин терең түшүндүрүп, сабакты кызыктуу уюштуруу, окуучуларды инновациялык технологияларды пайдалануу менен ɵтүлгɵн сабактарга катыштыруу, ата-эне менен иштей билүү-мугалимдин милдети экени белгилеген. Мындан тышкары окуу ишмердүүлүк процессинде чыгармачылык активдүүлүктүн үч денгээли көрсөтүлүп, деӊгээлдердин мазмундары чечилген. Берилген методика инклюзивдүү мектеп шартында колдонууга болот.
МАТЕМАТИКАНЫН БАШТАЛГЫЧ КУРСУНДА КЫЙМЫЛГА КАРАТА МАСЕЛЕЛЕРДИН ОРДУ ЖАНА РОЛУ
Макалада башталгыч класстардын математика курсунда кыймылга карата маселелерди окутуу суроолору каралган. Башталгыч математика курсунда кыймылга карата маселелерди орду көрсөтүлүп, кенже окуучуларга кандай ыкмалар менен түшүндүрүү керектиги аныкталган. Ылдамдык, аралык, убакыт чоңдуктарынын бири-бири менен байланышын окуучулар кандай өздөштүрүүсү зарыл экендиги берилген.
ОКУУЧУЛАРДЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖƟНДƟМДҮҮЛҮКТƟРҮН ГЕОМЕТРИЯНЫ ОКУТУУ АРКЫЛУУ ƟНҮКТҮРҮҮ ЖОЛДОРУ
Макала геометрияны окутуу процессинде окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүнө арналган. Геометрия окуучулар үчүн татаал предмет сыяктанат. Аны турмуш менен байланыштырып, практикалык маанисин терең түшүндүрүп, сабакты кызыктуу уюштуруу, окуучуларды инновациялык технологияларды пайдалануу менен ɵтүлгɵн сабактарга катыштыруу, ата-эне менен иштей билүү-мугалимдин милдети экени белгилеген. Мындан тышкары окуу ишмердүүлүк процессинде чыгармачылык активдүүлүктүн үч денгээли көрсөтүлүп, деӊгээлдердин мазмундары чечилген. Берилген методика инклюзивдүү мектеп шартында колдонууга болот.
КЕНЖЕ ОКУУЧУЛАРДЫН МЕЙКИНДИК ЭЛЕСТƟƟЛƟРҮНҮН ƟНҮГҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕРИ
Макала кенже окуучулардын мейкиндик элестɵɵлɵрүнүн ɵнүгүү деңгээлдери тууралуу суроолорго арналган.
Кенже мектеп жашындагы периоддо баланын психикасында маанилүү ɵзгɵрүүлɵр жүрɵт жана кенже мектеп жашындагы периоддо мейкиндик ойлонуунун ɵнүгүүсүнүн бɵлүгү сенсетивдик болот ошону менен негизделет. Математика балада ойлонуунун, эс тутуунун, чыгармачыл элестетүүнүн, байкоочулуктун, ой-жүгүртүүнүн так удаалаштыгынын жана аны далилдɵɵнүн ɵнүгүүсүнɵ түрткү берет; окуучулардын мейкиндик элестɵɵлɵрүн ɵнүктүрүү үчүн реалдуу ɵбɵлгɵ түзɵт. Ушундан улам баланын жɵндɵмдүүлүгү анда мейкиндик элестетүүсүнүн жогорулашы менен пайда болот деген чечим менен кенже окуучулардын мейкиндик элестɵɵлɵрүн карадык. Мейкиндик элестɵɵлɵрдүн элементтери болгон мейкиндик катыштар каралат. Мейкиндик катыштар деп мейкиндиктеги объектилердин арасындагы катыштарды же бул объектилердин мейкиндик белгилеринин түшүнɵбүз. Макалада мейкиндик ойлонуунун негизги сапаттары тизмектелип берилген. Мейкиндик жɵнүндɵ билимдерди ɵздɵштүрүү: мейкиндик белгилерди бɵлуп кɵрсɵтүү жана айрымалуу билгичтиктери, аларды туура атоого жана кепке адекваттуу сɵздɵрдү кошуу, активдүү кыймылдар менен байланышкан ар кандай операцияларды аткарууда мейкиндик катыштарда ориентация таба алуу. 1-4-класстын окуучуларында мейкиндик түшүнүктөрү окуу процессинде негизинен эмнелер аркылуу калыптана тургандага да эске алынган. Мындан тышкары окуучулардын мейкиндиктик элестɵɵсүнүн өнүгүү деңгээлдери берилген.
БОЛОЧОК БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИН МАТЕМАТИКАЛЫК ДАЯРДОО ПРОЦЕССИНДЕ ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ИШТЕРДИН КЭЭ БИР МАСЕЛЕЛЕРИ
Макалада болочок башталгыч класстын мугалимдерин даярдоодо процессинде окуу-методикалык иштер кɵйгɵйлɵрү каралган. Математикалык дисциплиналарды окутууда окуу процессин уюштуруу болочок башталгыч класстын мугалимдерин кесиптик багытта даярдоону күчɵтүүгɵ түрткү болот. Студенттердин башталгыч класстарда математиканы окутуунун заманбап методдорун өздөштүрүүсүн, аларда математиканы окутуу практикасында пайда болгон окуу-тарбия маселелерин чечүүгө аң-сезимдүү жана чыгармачылык менен мамиле кылуунун негизи боло турган билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруусун, болочок мугалимди практикалык ишмердүүлүккө түздөн-түз даярдоо жана андан ары билим алуу үчүн негиз түзүүсүн окууметодикалык комплекстер камсыздайт. Студент ɵзүнүн келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндɵ математикалык билимдердин керектигин түшүнүүсү менен, ɵзүнүн даярдыгын жакшыртуу зарылдыгын тарбиялоо менен, предметтик мазмунда ориентация алуу билгичтигин калыптандыруу жана башталгыч класстардын математика боюнча китептери менен иштɵɵ, изилденип жаткан материалдын математиканы башталгыч курсу менен байланышын түзүү боюнча иштерди жүргүзүүсү зарыл. Ошондуктан, кафедрада бул багытта иштер жүрүп, окуу планынындагы дициплиналарга карата окуу куралдары чыгарылды, окуу-методикалык комплекстер иштелип чыкты.