Жакышова Б. Ш.

    Молдошев А.М., Жакышова Б.Ш.,
ХИМИЯНЫ ОКУТУУДА КӨП ДЕҢГЭЭЛДҮҮ ОКУТУУ ТЕХНОЛОГИЯСЫН ИШКЕ АШЫРУУ
Страницы:75-81      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2023-3-75-81

Бул макалада дифференцирлеп окутууну натыйжалуу ишке ашыруунун негизги шарттары каралган. Дифференцирлеп окутуунун негизги принциби-мазмундун татаалдыгын олуттуу түрдө төмөндөтпөстөн, мугалимдер тарабынан окуучуларга жардам берүүнү дифференцирлөө. Дифференцирленген окутууну уюштуруунун милдеттүү шарты – мугалимдин окуучулардын билим деңгээлин билүүсү жанаалардын таанып билүүчүлүк жөндөмдөрүн,  жекече жана типологиялык өзгөчөлүктөрүн өнүктүрүүсү. Дифференцирлеп окутууну ишке ашыруунун шарттары: дидактикалык материалдардын жетиштүү топтому (тапшырмалар, нускамалар ж. б.); мугалим тарабынан системалуу контролдоо жана окуучулардын окуу ишине баа берүү; окуучуларды таанып-билүү                 иш-аракеттеринин ыкмаларына аң-сезимдүү үйрөтүү.

Полный текст

    Молдошев А.М., Жакышова Б.Ш.,
ХИМИЯ САБАГЫНДА ОКУТУУНУН ИЗИЛДӨӨ МЕТОДУН КОЛДОНУУ
Страницы:87-92      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-87-92

Көп тараптуу изилдөөнүн негизинде өзүлөрүнө белгисиз болгон  иштерди, теориялык билимдерди жана чыгармачылыктын жолдорун таап чыгышы окуучулардын изилдөөчүлүк иш аракеттери деп түшүнүүгө болот. Ушундай жолу менен окуучулар химия боюнча изилдөөнүн негизги методдору менен таанышат жана өз алдынча билим алуунун көндүмдөрүнө ээ болушат.

Окутууда изилдөө методун колдонуу окуучуларды мүмкүн болушунча өз алдынча, чыгармачыл активдүү иш аракеттерге тартууга мүмкүндүк берет. Ошонун негизинде окуучулар маселелерди өздөрү түзүп жана аларды чыгаруунун ар кандай жолдорун таап, рефераттарды жазышат, баяндамаларды даярдашат, ж. б.

Изилдөөчүлүк окутуу жаңы объективдүү илимий маалыматты жаратпайт, бирок илимий изилдөөнү моделдештирет жана окуучуларды субъективдүү жаңы илимий билимдерге алып келет.

Полный текст

    Жакышова Б.Ш., Абдулазизов Т.А., Иматали к.К.,
ХИМИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУ АРКЫЛУУ ОКУУЧУЛАРДЫН ПРЕДМЕТТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ
Страницы:321-331      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-321-331

Макалада химиялык билимдерди өздөштүрүү процессине жана алган билимдерин ар кандай маселелердин түрлөрүн чыгарууга колдоно билүүгө арналган. Химияны окутууда предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу процессинде окуучулардын инсандык, социалдык жана когнитивдик тажрыйбасын эске алынды. Билим алууда химиялык маселелерди чыгарууда окуучулар берилген предметтик чөйрөдө жүрүмтурумдун ар кандай моделдерин колдонуу менен окуу процессин ишке ашырат. Химиялык маселелерди чыгарууда окуучулардын көз карашы, эс тутуму, сүйлөө, ой жүгүртүүсү өнүгүп, бүтүндөй дүйнө таанымы калыптанат; химиялык теорияларды, мыйзамдарды жана кубулуштарды аң-сезимдүү өздөштүрүү жана тереңирээк түшүнүү ишке ашат.Маселелерди чыгарууда окуучулардын химияга болгон кызыгуусу активдешет. Бул методологиядагы жалпы кабыл алынган пикирди түшүндүрөт: материалды өздөштүрүүнүн өлчөмү катары теорияны билүү гана эмес, алынган билимди ар кандай маселелерди чечүүдө колдоно билүү керектиги эске алынды.

Полный текст