Акимбай кызы Н.

    Акимбай к.Н.,
ОКУУ ПРОЦЕССИНДЕ ПСИХОЛОГ СТУДЕНТТЕРДИН ӨЗҮН-ӨЗҮ БААЛООСУ
Страницы:10-14      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-10-17

Билим берүү системасынын милдеттеринин бири психолог студенттерде окуу иш-аракеттеринин негиздеринкалыптандыруу болуп саналат.

Макалада кесип тандоонун ийгилиги өзүн-өзү баалоого көз карандылыгы ачыкталып, адекваттуу өзүн-өзү баалоо сезимине ээ окуучу өзүнүн окуудагы жетишкендиктерин жана ийгиликтерин, жөндөмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн салыштырып, туура чечимге келери, ал эми өзүн төмөн баалоо кесипти туура тандоого терс таасирин тийгизип, кесип тандоодо кыйынчылыктарга дуушарланууга алып келери ачып берилди.

Кесиптик өзүн-өзү аныктоодо өзүн-өзү баалоо өзгөчө орунга ээ.

Кесиптик өзүн-өзү аныктоодо өзүн-өзү баалоо-бул адам өзүн кесипкөй адам катары көрүп, баалап, болжолдонгон же өздөштүрүлгөн кесипте өзүнүн жөндөмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн баалай билүүсү.

Изилдөөдө болочок психологдордун өзүн-өзү баалоосун аныктоого жана өнүктүрүүгө багытталган иштер аткарылды.

 Макалада келтирилген активдүү методдор жогорку деңгээлдеги рефлексияны жана өзүн-өзү баалоонун натыйжалуулугун көрсөттү, бул алардын өнүгүшү үчүн жагымдуу чөйрө болуп,студентти өзүн-өзү тастыктоого багыттады. Психология сабактарында окуу процессине өзүн-өзү баалоо технологияларын киргизүү, окуу процессин уюштурууда активдүүлүк, өзүн-өзү тастыктоо жана өзүн-өзү ишке ашыруу артыкчылыгы  бул анын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуунун зарыл шарты болуп саналат.

Полный текст