Эшаров Э. А.

    Орозбаев А.М., Эшаров Э.А., Курманбек уулу Т..., Турганбаева А.Б., А.Б.,
ПАНДЕМИЯ ШАРТЫНДА ИНФОРМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН КӨНДҮМ ТАЖРЫЙБАСЫНАН АЛЫНГАН САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАЛДОО
Страницы:109-119      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-109-119

Салттуу билим берүүдө «Информатика» окуу предмети, мугалимдин бул предметти окуп жаткан студенттер менен болгон байланыш ишине көп сааттар талап кылынат. Пандемия башталып кеткендигине байланыштуу, окутуучулар менен студенттердин арасындагы байланышты камсыздоо үчүн техникалык каражаттарды тандоо зарыл болгон.  2020-2021-окуу жыл ичинде жана 2021-2022-окуу жылынын кышкы семестринде бул дисциплина аралаш, салттуу жана дистанттык форматтарда окутулду. Программалоону окутуп-үйрөтүү үчүн билим берүүдө пандемия шартында иштеп кетүүгө педагогикалык тажрыйба жана жаңы маалымат технологиясын пайдалануу боюнча дагы тажрыйбалар жыйналды.

Бул макаладаүйрөнүчүлөр менен өз-ара онлайн байланышты уюштуруучу кызматтарга жана Маалымат технологиясына сарасеп салынып, биз тараптан коолдонулган технологиялар, алардын артыкчылыктары жана кемчиликтери жазылат, дисциплинаны окутуунун сапатына жана программалоого байланышкан аралаш жана дистанттык окутуу боюнча изилдөө суроолору коюлат жана аларды өркүндөтүү жолдору боюнча тыянакттар чыгарылат.

Полный текст

    Сатибай у.Б., Курманбек уулу Т..., Дооранова Г.К., Эшаров Э.А., Э.А.,
ТОЛУКТАЛГАН РЕАЛДУУЛУК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ МЕНЕН ПЕДАГОГИКАЛЫК ЖОЖДУН БАКАЛАВРЫНА ИНФОРМАТИКАНЫ ОКУТУУ МОДЕЛИ
Страницы:155-167      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-155-167

Акыркы жылдары дүйнөдө маалыматтык технологиялар жигердүү өнүгүп, алар барган сайын адам баласынын ишмердүүлүгүнүн ар кандай тармактарында колдонулууда. Анын катарында экономиканын тынымсыз өнүгүп жаткан тармагынын бири катары билим беруу тармагында колдонулуда.Ошол эле учурда билим берүүнү маалыматташтыруу жаңы маалыматтык технологияларды жайылтуу процесси гана болбостон, маалыматтык коомдун талаптарына жооп берген билим берүү системасын түзүү процесси катары да каралат. Бул макалада учурдагы педагогдордун ишинин  эффекттивдүүлүгүн жогорулатуу учун билим берүү тармагында жаңы ыкмаларды, формаларды жана технологияларды изидөөгө арналат, мисалы маалыматтык коммуникация технологиялары (МКТ), электрондук окутуу, блокчейну, AR (augmented reality) жана VR (virtual reality) – технологиялары сыяктуу технологиялар каралат.

Полный текст

    Чоюбекова А.М., Эшаров Э.А., Курманбек уулу Т..., Турганбаева А.Б., Сагыналиева А.Б.,
ТЕХНИКАЛЫК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА БАКАЛАВРЛАРДЫ ДАЯРДООДО «ИНФОРМАТИКА» КУРСУН МЕТОДОЛОГИЯЛЫК ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛЫК КАМСЫЗДОО
Страницы:194-202      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-194-202

Жалпы илимий методдор менен катар методологиялык негиз катары теориялык булактардын базасы: илимий адабияттар, техникалык адистиктердин студенттерине информатиканы окутуу проблемасы боюнча изилдөөлөрдүн басылмалары. Информатика боюнча билим берүү стандарттарын талдоо бакалавриаттарды, окуу пландарын, информатика курстарынын программаларын даярдоодо,техникалык ЖОЖдордун студенттери менен иштөөдө жүргүзүлгөн.

Полный текст

    Эшаров Э.А., Бийбосунов Б.И., Аркабаев Н.К.,
В-СПЛАЙНДЫН НЕГИЗИНДЕ ВЕЙВЛЕТТЕРДИ ТҮЗҮҮ МИСАЛДАРЫ
Страницы:297-306      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-297-306

Бул илимий макалада вейвлеттердин түзүлүшүнө карата конструктивдүү мамилелер каралган. Авторлор вейвлеттерди түзүүдө B-сплайндарды колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн баяндашат. Хаар, Стренберг жана өзгөчө эрмиттик вейвлеттер үчүн ар кандай базалар келтирилген. Ал үчүн эки өлчөмдүү байланыштар жана сигналды кайра түзүү формулалары көрсөтүлгөн. Ошондой эле вейвлеттерди колдонуунун артыкчылыктары анализден өткөрүлөт.

Жыйынтык чыгарылып, вейвлеттер сигналдарды талдоодо, сүрөттөрдү иштетүүдө, маалыматты ыкчамдатууда жана башка көптөгөн чөйрөлөрдө пайдаланыла тургандыгы белгиленген.

Полный текст

    Эшаров Э.А., Жумаева А.Э., Сагыналиева А.Б.,
МАТЕМАТИКАЛЫК АНАЛИЗ ПРЕДМЕТИ БОЮНЧА ОНЛАЙН КУРСУН ИШТЕП ЧЫГУУ
Страницы:200-207      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/2-200-207

Акыркы жылдары дүйнөдө маалыматтык технологиялар жигердүү өнүгүп, алар барган сайын адам баласынын ишмердүүлүгүнүн ар кандай тармактарында колдонулууда. Макалада дисциплина боюнча электрондук окуу курсун түзүүнүн этаптары кеңири баяндалат. Электрондук окуу курсунун маалыматтык мазмунун өнүктүрүүнүн усулдук өзгөчөлүктөрү баяндалган. Мындай жол менен уюштурулган окууда студенттер активдүү таанып-билүү иш-аракетине тартылып, маалыматка ачык жеткиликтүүлүк шартында ишмердүүлүктүн жаңы түрүн өздөштүрүп, жаңы технологиялар менен тааныша тургандыгы далилденген. Электрондук окутуу технологияларын колдонуу билим берүү тармагында алдыңкы планга чыгууда. Бул университеттик билим берүү контекстинде эң актуалдуу, анда заманбап педагогикалык технологиялардын, анын ичинде электрондук окутуу технологиясынын салттуу технологияларга үстөмдүк кылуу процесси жүрүп жатат. Салттуу окутууда билимди даяр формада берүүдөн айырмаланып, электрондук окутуу технологиялары окуучулардын жеке темпте өз алдынчалуулугун жогорулатууну камсыз кылат, бул бир жагынан аларга башкалар менен кеңири баарлашууга мүмкүндүк берет, экинчи жагынан студенттерге биргелешкен иш-аракеттерин пландаштыруу мүмкүндүк түзөт.

Полный текст