Алтыбаева М .

    Алтыбаева М..., Сооронбаева К.А.,
ФИЗИКА-МАТЕМАТИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАГИСТРЛЕРИН ДАЯРДООДО ОКУТУУ НАТЫЙЖАЛАРЫН БААЛООЧУ ИНСТРУМЕНТТЕРДИ ИШТЕП ЧЫГУУ
Страницы:289-303      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-289-303

Билим берүүгө компетенттүүлүк мамилени ишке ашыруу окутуу натыйжаларынын жетишилгендиги менен мүнөздөлөт. Студенттин же бүтүрүүчүнүн билим берүү программасынын жана дисциплиналардын белгиленген окутуу натыйжаларына жетишүү деңгээли натыйжага багытталып иштелип чыккан каражаттар аркылуу бааланат. Изилдөөдө «Физика-математикалык билим берүү» программаларынын негизги билим берүү программасына, дисциплиналардын окуу-методикалык комплекстерине (жумушчу программаларына, баалоо каражаттарынын фондуна) талдоо жүргүзүлдү. Баалоо каражаттарынын сапатына мүнөздөмө берилди. Баалоо каражаттарын иштеп чыгууда Блум таксономиясына ылайык деңгээлдик тапшырмаларды иштеп чыгуу окутуу натыйжаларын обьективдүү баалоого шарт түзөрү белгиленди. «Физика-математикалык билим берүү» программасындагы «Геометриянын кошумча главалары» жана «Математиканы жана информатиканы окутуунун инновациялык методдору» дисциплиналары боюнча деңгээлдик тапшырмаларга мисалдар берилди.

Полный текст