Батиров А. Р.

    Калдыбаева А.Т., Батиров А.Р.,
ЭЛДИК ЭПОСТОРДУН НЕГИЗИНДЕ БАЛДАРДЫ ПАТРИОТТУК ТАРБИЯЛОО БОЮНЧА ИЗИЛДӨӨНҮН МЕТОДДОРУ
Страницы:21-28      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2023-3-21-28

Кыргыз элинин эпикалык мурастарын азыркы мектепте окуучуларды патриоттук тарбиялоодо пайдалануу көп тармактуу изилдөөнү талап кылат. Биздин бул макала мына ушундай изилдөөнүн методдорун көрсөтөт. Айрым методдордун (контент-анализ, структуралык-семиотикалык анализ, герменевтикалык метод) кандайча пайдаланылгандыгы макалада чагылдырылат. Илимий булактарды пайдалануу, этнопедагогикалык факт жана материалдарды тандоо, аларды системага салуу жана синтездөө, мамлекеттик жана өкмөттүк токтомдорду, мыйзамдарды, мектеп документтерин, окуу программалары, окуу китептерин ж. б. окуу куралдарын үйрөнүү; мугалимдердин, тарбиячылардын иш-тажрыйбаларын жыйноо жана аларды жалпылоо ж. б. методдорду кандайча колдонгондугубуз тууралуу конкреттүү маалыматтар берилет. Макаланын актуалдуулугу мектептерде патриоттук тарбия түшүнүгү кыргыз этнопедагогикасы менен байланыштуу каралгандыгында. Макалада айтылган ойлор этнопедагогикалык багытта изилдөө жүргүзгөндөр жана мектептеги тарбия иштерин жүргүзүүчүлөр үчүн пайдалуу болот.

Полный текст

    Батиров А.Р.,
ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЛАРДЫ МЕКТЕПТЕРДЕ ОКУТУУНУН МАЗМУНУ ЖАНА КОМПОНЕНТТЕРИ
Страницы:28-36      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2023-3-28-36

Кыргыз элинин фольклору мектептерде окутуу жүргүзүлө баштагандан тартып эле үйрөнүлүп келет. Алардын тектик, жанрдык, тематикалык көп түрдүүлүгү эске алынат. Эң көп саат эпосторго бөлүнгөн. Макалада элдик чыгармаларды окутуу процессинде окуучуларды патриоттук тарбиялоо боюнча мамлекеттик жана өкмөттүн документтер жана фольклордук чыгармалардын аталыштары көрсөтүлөт. Макаланын актуалдуулугу мектептерде патриоттук тарбия түшүнүгү кыргыз адабияты предмети менен байланыштуу каралгандыгында. Макалада айтылган ойлор этнопедагогикалык багытта изилдөө жүргүзгөндөр жана мектептеги тарбия иштерин жүргүзүүчүлөр үчүн пайдалуу болот. 

Полный текст