Асылбекова Венера Мамановна
КЫРГЫЗ ЭТНОМАДАНИЯТТАГЫ СҮРӨТ ИСКУССТВОСУ МЕНЕН ЭЛДИК МУЗЫКАНЫН ОРТОСУНДАГЫ БАЙЛАНЫШТАР
Бул макалада кыргыз элинин руханий жана материалдык маданияты каралды. Көркөм кол өнөрчүлүгүндөгү сайма оюмдарындагы түстөрдүн ыргаактуулугу элдик ырлардын обондордун жаралышына эргүү берген. Кыргыз элинин кылым карыткан көркөм өнөрлөрү салттуу музыкадагы аспаптарынын бири – ооз комуз менен кол өнөрчүлүктүн бири-бирине тиешелүү жагдайлары бар экендиги, музыканы кабыл алуу аң сезими ички туюмдар менен иштелиши көрсөтүлдү. Ооз комуздагы аткаруучулук ыкмаларынын ритми – шырдак, кийиздердеги чагылдырылган сайма жана орнаменттериндей эле интуитивдик кабылдоо жүргүзүлүп, оймо-чиймелерди жайгаштыруудагы же сүрөт элестерин чагылдыруудагы кээ бир божомол ирээтинде аткарылышында байланыштар бар экендиги жөнүндө жазылды. Мындан сырткары кыргыз элдик ырларга көркөмдөп чагылдырылган живопись картиналары көрсөтүлдү.
КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНДА НЕОФОЛЬКЛОРИЗМ КУБУЛУШУ
Макалада“неофольклоризм” түшүнүгүнүн илимий рефлексиядагы мааниси аныкталат. XIX кылымдын аягы XX кылымдын башында Европа өлкөлөрүндө келип чыккан неофольклоризмбагытынын музыкадагы элдик фольклордун мүмкүндүктөрүн, экзотикалык ритмин, улуттук колоритин жандандыруу аркылуу учурдун музыкасынын стилин иштеп чыгуу, кайра жаратуу кыймылынын тарыхы жана анын негиздөөчүлөрү тууралуу маалымат берилет. Неофольклоризмдин социалдык–саясий процесс менен шартталган эволюциясы ХХ кылымдагы социалдык антропологиялык таасирдүү багыт неоэволюционизм теориясынын контексттинде каралат. Неофольклоризмдин кыргыз маданиятындагы кубулуштары, анын системдүү мүнөзү, өзгөчөлүктөрү талдоого алынат жана бул багыттагы изилдөөлөрдү тереңдетүү зарылдыгы белгиленет.