Чокоева Г. С.
ОРТО МЕКТЕПТЕ ТРИГОНОМЕТРИЯЛЫК ТЕҢДЕМЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУНУН ЫКМАЛАРЫ
Макалада тригонометрияны окутууда окуучулардын билимдерин тереңдетүү максатында, тригонометриянын негизги формулалары аркылуу теңдемелерди чыгаруунун ыкмалары каралган.
ТРИГОНОМЕТРИЯЛЫК ТЕҢДЕМЕЛЕР ТҮШҮНҮГҮН КАЛЫПТАНДЫРУУНУН МЕТОДИКАЛЫК АСПЕКТИЛЕРИ
Тригонометриялык теңдемелер орто мектептин математика курсунда негизги түшүнүктөрдүн бири. Бул макалада тригонометриялык теңдемелер темасы боюнча окуучулардын түшүнүктѳрүн калыптандыруунун айрым маселелери жана мисалдарды чыгаруунун жолдору каралды.
МАТЕМАТИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУНУН ЫКМАЛАРЫ
Макалада окуучулардын активдүүлүгүн жогорулатуунун жана аларды өнүктүрүүнүн жолдорунун бири математикалык маселелердин ар кандай ыкмаларын жана жолдорун үйрөтүү экендиги белгиленген. Ошондой эле математикалык маселелерди ар кандай жолдор менен чыгаруунун мисалдары келтирил
МАТЕМАТИКАЛЫК АНАЛИЗ КУРСУН ОКУТУУДА ПРЕДМЕТ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТЫ КОЛДОНУУ
Бул макалада предмет аралык байланышты туура колдонуунун факторлору жана анын ролу аныкталып, геометриялык фигуралардын аянттарын, көлөмдөрүн жана физикалык маселелерди аныкталган интегралдын жардамы менен чыгаруу сунуш кылынды. Предмет аралык байланыштарды ишке ашыруу ар кандай жолдор менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Предмет аралык байланыштарды сабакта колдонуу эң татаал методикалык иштеринин бири. Ал башка предметтер боюнча программалардын жана окуу китептеринин мазмунун билүүнү талап кылат. Максатка жетүүнүн эффективдүү ыкмаларынын бири болуп студенттерге башка предметтик чөйрөлөрдөгү маселелерди чечүү үчүн математикалык ыкмаларды колдонууну көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү предмет аралык байланыштагы маселелерди чечүү болуп саналат. Предмет аралык байланыштарды колдонуу студенттердин билим денгээлин көтөрүп, логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык шыгын арттыруу менен алардын окуу материалды өздөштүрүүсүнө жардамы өтө чоӊ.