#3/1, 2024

ОБРАЗОВАНИЕ И ПЕДАГОГИКА

    Абдыкапарова А.О., Бийева К.Ж., Кендирбаева С.К.,
ОКУУЧУЛАРДЫН ТААНЫП-БИЛҮҮЧҮЛҮК КӨНДҮМДӨРҮН БИОЛОГИЯЛЫК ЭКСПЕРИМЕНТТЕРДИН НЕГИЗИНДЕ ӨРКҮНДӨТҮҮ
Страницы:115-122      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-115-122

Макалада окуучулардын таанып-билүүчүлүк көндүмдөрүн биологиялык эксперименттердин негизинде өркүндөтүү маселелери каралган. Ар кандай чыгармачылык тапшырмаларды, изилдөөчүлүк иштердин жана эксперименттердин натыйжаларын колдонуу предметтик окутуунун мазмунун кеңейтет, окуучулардын предметке болгон кызыгуусун стимулдаштырат, инсандык өнүгүүсүн шарттайт, мугалим менен окуучунун ортосунда гана эмес, ошондой эле окуучулардын бири-бири менен болгон чыгармачылык кызматташуу атмосферасын түзөт. Зоология сабактарында окуучулардын таанып-билүүчүлүк көндүмдөрүн өнүктүрүү билим берүү процессиндеги маанилүү милдеттердин бири экендиги белгиленген. Зоологиянын негиздерин туура өздөштүрүү менен окуучулар өзүнүн акылын өнүктүрөт, жаратылыштын сырларын үйрөнүшөт, байкоо, анализ жүргүзүү жана өз алдынча изилдөө көндүмдөрүнө ээ болушат. Зоология сабактарындагы биологиялык эксперименттер окуучулардын таанып-билүүчүлүк көндүмдөрүнүн өнүгүүсүндө күчтүү каражат болуп саналат. Алар окуучулардын сынчыл ой-жүгүртүүсүнүн өнүгүүсүн, маалыматты анализдөө, синтездөө жөндөмдүүлүктөрүнүн, топтордо жана өз алдынча иштөө көндүмдөрүнүн өнүгүүсүн шарттайт.

скачать/открыть

    Аблабекова Ж.К., Окен у.Ш., Жамшитбек у.А.,
ФИЗИКАЛЫК КӨНҮГҮҮЛӨРДҮН КЛАССИФИКАЦИЯСЫНЫН ФИЗИОЛОГИЯЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЗҮ
Страницы:139-146      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-139-146

Физикалык көнүгүүлөрдүн классификацияларынын кыйла көп саны ушул убакка чейин спорттун ар кандай түрлөрүн топторго жалпы бөлүштүрүү жок экенин көрсөтүп турат. Биздин оюбузча, бардык берилген классификациялар чыңалуу жана маалыматты иштеп чыгуунун өзгөчөлүктөрү сыяктуу маанилүү классификациялык белгилерди эске алган эмес. Дене көнүгүүлөрүнүн жетишээрлик көп сандагы классификациялары ушул убакка чейин спорттун ар кандай түрлөрүн топторго жалпы бөлүштүрүү жок экенин көрсөтүп турат. Маалыматтарды иштеп чыгуунун өзгөчөлүктөрүнө жараша дене тарбия көнүгүүлөрүн эки чоң топко бөлүүгө болот. Биринчиси, бардык күч түзүмдөрүн камтыган энергетикалык спорт. Акыр аягы, бул системалардын эффективдүүлүгүн жогорулатууда, адаптациялык факторго туруктуулукту жогорулатууда, компенсациялык адаптациялык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатууда көрүнөт. Организмдеги бул өзгөрүүлөр бир катар мүнөздөмөлөрдөн көз каранды болот: узактыгы, кубаттуулугу, циклдүүлүгү, глобалдуулугу, ж.б.  Бир катар окумуштуулар физикалык көнүгүүлөрдүн классификациясын физикалык активдүүлүктүн бир нече өзгөчөлүктөрүнө негиздешкен.

скачать/открыть

    Аблабекова Ж.К., Окен у.Ш., Зулпукаров А.А.,
СПОРТСМЕНДИН ТУУРА ТАМАКТАНУУСУ – ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ
Страницы:131-138      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-131-138

Макалада спортчулар үчүн туура тамактануу жөнүндө сөз болот. Спортто жогорку натыйжаларга жетүү үчүн спортчуга тийиш болгон тамактануунун талаптарын сакташ керек. Ар бир диета денени сактоо үчүн нормалдуу деп эсептелинбейт. Иштин түрүнө, физикалык активдүүлүккө, жашоо образына жана организмдин өзгөчөлүктөрүнө жараша күнүмдүк калорияны сактоо маанилүү. Ошондой эле майлардын, углеводдордун, белоктордун, витаминдердин, суунун, макро жана микроэлементтердин балансын сактоо зарыл. Энергияны чыгымдоо дененин салмагынан көз каранды. Ар кандай адамдардын энергия керектөөсүн салыштыруу үчүн, энергия керектөөнүн жалпы абсолюттук маанилерин эмес, дене салмагынын килограммына эсептелген салыштырмалуу маанилерди колдонуу сунушталат. Рациондун калориялуулугунун спортчунун энергияны сарптоосуна дал келиши машыгуунун жана мелдеш процесстеринин натыйжалуулугунун эң маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.

скачать/открыть

    Адамбаева Ж.И., Камилов Р.А., Токтосунов Б.Т., Мийзаева Г..., Г...,
МЕКТЕП ЖАШЫНДАГЫ БАЛДАР УЧУН КЫЙМЫЛДУУ ОЮНДАРДЫН РОЛУ
Страницы:146-155      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-146-155

Туура уюштурулган кыймылдуу оюндар сөөк-байланыш аппараттын, булчуң системасынын өсүшүнө, өнүгүшүнө жана чыңдалышына жакшы таасир тийгизет. Кыймылдуу оюндардын негизги өзгөчөлүгү - бул кыймылдуу кыймыл аракеттеринин болушу, ошонун аркасында алар дене тарбия жана өнүгүүнүн таанылган каражаты жана ыкмасы болуп саналат. Кыймылдуу оюндардын тарбиялоо мааниси тездик, күч, шамдагайлык, чыдамдуулук, ийкемдүүлүк сыяктуу баалуу физикалык сапаттарды гана өрчүтүү менен чектелбейт. Көптөгөн интеллектуалдык сапаттар: байкоо, эс тутум, логикалык ой жүгүртүү, тапкычтык жөндөмдүүлүктөрү өнүгөт.Балдардын дене тарбия сабагына кызыгуусун арттыруу үчүн бул кээ көйгөйлөрдү чечүүнүн айрым жолдору көрсөтүлгөн жана жалпысынан билим берүү уюмдарында дене тарбия системасын анын ичинде кыймылдуу оюндарды өркүндөтүү каралган.

скачать/открыть

    Бабаев М.Д., Бабаева А.Д.,
ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ - УКУК МАДАНИЯТТЫНЫН ЭЛЕМЕНТТЕРИНИН БИРИ КАТАРЫ
Страницы:155-160      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-155-160

Илимий макалада студенттердин укуктук маданиятынын курамынын бири катары экологиялык билимдерди калыптандыруу каралат. Экологиялык билимдерди калыптандыруу маселелери  жаңыланууда. Авторлор экологиялык жана укуктук маданиятты калыптандыруу билим берүүнүн жана тарбиялоонун бардык баскычтарында болушу керек деген тыянакка келет. Ушунун негизинде билимдин, жөндөмдүн, ыкмаларынын мазмунун тереңдетүүгө, айлана чөйрөнү коргоого, аны сүйүүгө жана кең байлыктарын арттырууга жигердүүлүк менен катышууга көңүл бурууну күчөтүү жөнүндө кеп болот.  Студенттерге билим берүүнүн методдору, формалары жана каражаттары көрсөтүлүп, экологиялык маданият, экологиялык билим берүүнүн максаты, экологиялык тарбиянын милдеттери жазылган.  Окутуучу  өзүнүн үлгүсүндө  учурда өспүрүмдөрдү  табигый чөйрөдө маданияттуу жүрүм-турумдарга үйрөтүүсү зарылдыгы белгиленген. Экологиялык билим берүүнүн  жана укуктук маданиятты калыптандыруунун эң эффективдүү технологиялары жөнүндө корутунду чыгарылган. 

скачать/открыть

    Байжуманова Н.С.,
САМОСТОЯТЕЛЬНАЯ РАБОТА КАК ФАКТОР ФОРМИРОВАНИЯ НАВЫКОВ САМООРГАНИЗАЦИИ БУДУЩЕГО ПЕДАГОГА
Страницы:161-168      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-161-168

В представленной статье рассматривается взаимосвязь формирования навыков самоорганизации будущего педагога и самостоятельной работы, организуемой в организациях высшего и (или) послевузовского образования (далее – ОВПО). Для этого в исследовании были выполнены следующие задачи, а именно: описано содержание понятий «самоорганизация» и «самостоятельная работа студентов»; выявлена их связь в процессе подготовки будущих педагогов. Самостоятельная работа характеризуется как одна из важнейших составляющих педагогического процесса ОВПО. В статье особо отмечается, что при организации самостоятельной работы учитывается необходимость внимания к возрастным особенностям студентов.

Определена значимость самостоятельной работы при подготовке будущих педагогов, которое оказывает существенное влияние на формирование качеств, необходимых для самоорганизации, овладение культурой умственного труда, навыками самостоятельного усвоения новых знаний. Проведен опрос студентов 2-4 курсов педагогического факультета Карагандинского университета имени академика Е.А. Букетова и представлены их результаты. Результаты опроса позволяют наблюдать положительную динамику в формировании самоорганизации учебной деятельности у студентов, а значит, это, в свою очередь, свидетельствует о формировании навыков самоорганизаций.

скачать/открыть

    Бакенов Ж.Б., Сатывалдиев А.С., Бакытбек к.Б., Мамекова А.М., А.М.,
ОРТО МЕКТЕПТЕ ХИМИЯНЫ ОКУТУУДА ИННОВАЦИЯЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Страницы:168-174      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-168-174

Билим берүүнүн негизги максаты - эркин, жоопкерчиликтүү, андан ары өзүн-өзү өнүктүрүүгө жөндөмдүү адамгерчиликтүү инсанды калыптандыруу. Азыркы окуучулардын олуттуу бөлүгүндө окуп-билүү кызыгуусу төмөндөп, жогорку психикалык функциялар – эс тутум, логика, ой жүгүртүү, анализдөө жана өзүн өзү башкаруу начар өнүккөн. Ошондуктан, бүгүнкү күндө окутуунун салттуу ыкмаларын гана колдонуу жогорку натыйжаларга алып келе албайт.  Заманбап мектептик билим берүү системасынын мүнөздүү өзгөчөлүгү окуу процессинин жалпы натыйжалуулугуна жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн компетенцияларынын деңгээлин жогорулатууга оң таасирин тийгизген заманбап билим берүү технологияларын колдонуу зарылчылыгы болуп саналат.  Инновациялык педагогикалык технологиялар окуучунун инсандык мыкты сапаттарын жана өзүн-өзү өнүктүрүүсүн активдештирүү жана ишке ашыруу жана окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн эң жагымдуу психологиялык-педагогикалык шарттарды түзөт.

скачать/открыть

    Бообекова А.А., Капарова Н.А., Сатыбалдыева А.Н.,
КЕНЖЕ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ
Страницы:175-185      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-175-185

Акыркы жылдары келечек муундардын экологиялык маданияттуулугун жогорулатуу билим берүүдөгү актуалдуу маселелерден болуп келүүдө. Экологиялык проблемаларды чечүүнүн негизги жолу катары экологиялык билим берүүнү айтсак болот. Демек, экологиялык билимдерди мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүдө калыптандыруу менен экологиялык маданияттуулукка тарбиялоонун эффективдүүлүгүнө жетишсек болот. Экологиялык билим берүүнүн максаты – айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле жасоого негизделген экологиялык маданиятты калыптандыруу. Экологиялык билим берүү - курчап турган социалдык жана табигый чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилени камсыз кылуучу илимий жана практикалык билимдердин, баалуулуктардын багыттарынын, жүрүм-турумунун жана ишмердүүлүгүнүн системасын түзүүгө багытталган,окутуунун, тарбиялоонун жана инсанды өнүктүрүүнүн үзгүлтүксүз процесси катары түшүндүрүлөт. Башталгыч мектеп курагындагы балдардын абдан изденүүчү, тез кабыл алуучу, түйшүккө, кубанычка оңой жооп бере ала тургандыгы, чын жүрөктөн боор ооруугандыктары менен түшүндүрүлөт. Бул куракта билимди, сезимдерди, баалоолорду, эмоцияларды максаттуу калыптандыруу жөндөмдүүлүктөрүн жана кызыкчылыктарын жигердүү өнүктүрүү процесси жүрөт. Заманбап психологиялык-педагогикалык изилдөөлөр кенже мектеп окуучуларынын жаш өзгөчөлүктөрү экологиялык билим берүүнүн максаты болгон экологиялык маданияттыныннегиздерин калыптандырууга көмөктөшөөрүн ынандырарлык түрдө далилдеди. Изилдөөнүн максаты болочоктогу башталгыч класстын мугалимдерин экологиялык жактан даярдоонун моделин түзүү менен экологиялык маданияттуулукка тарбиялоону практикага киргизүү. Башталгыс класстын окучуулары илимий билимдерди өздөштүрүп, жаратылышка карата адеп-ахлактык баалуулуктарга ээ болуп, жаратылыш чөйрөсүнүн жагымдуу шарттарын сактоо боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуу.

Башталгыч класстын окуучуларында жаратылышка, өзүнө жана айланасындагы адамдарга экологиялык жактан сабаттуу мамилени калыптандыруу процесси узак жана көп кырдуу болгондуктан ар түрдүүкритерийлер колдонулат.Бул окуучулардын жаратылыштагы аң-сезимдүү туура жүрүм-туруму, жаратылыш объектилерине, алардын ортосундагы мамилелерге байкоо жүргүзүү, жаратылыштын сулуулугун көрүп, баалай билүү, ага зыян келтирбөө, аны коргоого катышышат.Мындан тышкары, башталгыч класс окучууларынын таасирлери, башынан өткөргөн окуялары  талкууга алынып, жаратылыштагы жүрүм-турум эрежелери жөнүндө жүйөлүү тыянактарды чыгарууга, ар кандай иш-аракеттерде, оюндарда, сүрөттөрдө жана башка практикалык иш-аракеттерде өздөрүнүн  билим билгичтик көндүмдөрү, жөндөмдөрү жана сезимдери калыптанат.

скачать/открыть

    Жакышова Б.Ш., Молдошев А.М., Койчуманова С.К.,
ХИМИЯНЫ ОКУТУУДА САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУ
Страницы:185-192      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-185-192

Бул макалада химияны окутуу практикасында колдонулган санариптик билим берүү ресурстары каралды. Санариптик билим берүү ресурстарын ишке ашыруу формалары, санариптик билим берүү ресурстарын пайдалануунун педагогикалык натыйжасы жана алардын «Химия» предмети боюнча окутуунун натыйжалуулугуна тийгизген таасири жөнүндө сөз болду.Уулуу, жарылуучу жана күйүүчү заттар боюнча  химиялык эксперимент жүргүзүүгө мүмкүн болгон виртуалдык лабораториянын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуунун өзгөчө маанилүү экендиги белгиленди.

Мындан тышкары “санариптештирүү” термининин мааниси аныкталды, коомдун өнүгүшү үчүн маанилүү санариптик технологиялардын тизмеси эске алынды, заманбап адистин негизги санариптик компетенциялар аныкталды жана системалаштырылды (санариптик технологиялар менен иштөө көндүмдөрү). Технологияларды ишке ашыруудагы ар түрдүү жана эффективдүү онлайн баарлашуу жөндөмү, аналитикалык, критикалык жана ийкемдүү көндүмдөр ж.б.

Санариптик билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу милдети жаңыланып, санариптик билим берүү контентин иштеп чыгуу технологиялары, психологиялык-педагогикалык талаптарды эске алуу менен анын сапатын баалоо ыкмалары сыяктуу учурдагы педагогикалык изилдөөлөрдүн жолдору белгиленген.

скачать/открыть

    Исаева Р.У., Дөөлөтбек к.А., Тыныбек к.А.,
ФИЗИКА БОЮНЧА БИЛИМДЕРДИ СИСТЕМАЛАШТЫРУУДА МУГАЛИМДИН ЖАНА ОКУУЧУНУН ИШМЕРДҮҮЛҮКТӨРҮ
Страницы:192-201      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-192-201

Физиканы окутуунун милдеттери болуп окуучуларда терең жана бекем билимдерди,  физиканын негиздерин жана аларды практикадагы колдонуштарын, табигый таанып билүүнүн методдору жөнүндөгү билимдерди жана илимий билимдердин структурасын калыптандыруу, алардын ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүү болуп эсетелет.  Бул милдеттерди чечүүнүн бир жолу- билимдерди жалпылоо жана системалаштыруу боюнча атайын иштерди уюштуруу. Системалаштырууну – тандалып алынган принциптин негизинде окуп  үйрөнүүлүүчү  объектини белгиленген бир системага алып келүүчү ой жүгүртүү ишмердүүлүгү деп түшүнсө болот.

Бул макалада физика боюнча билимдерди системалаштыруу боюнча мугалимдин жана окуучунун ишмердүүлүктөрү каралган.  Орто  мектептин физиканы окутуда системалаштыруу боюнча жалпылоочу сабактын методикасы келтирилген. 

скачать/открыть

    Казакова Н.О., Чоров М.Ж., Давлетова Ч.С., Исокова Г.А., Г.А.,
ИЗ ОПЫТА ПРИМЕНЕНИЯ ИГРОВЫХ ТЕХНОЛОГИЙ В ОБУЧЕНИИ БИОЛОГИИ В ШКОЛЕ
Страницы:201-209      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-201-209

В статье рассматриваются возможности использования информационных игровых технологий на уроках биологии. С каждым годом происходит развитие информационных образовательных технологий, поэтому необходимо путем самообразования совершенствовать информационную культуру, но при этом не злоупотреблять использованием данных технологий в своей практике и ко всему подходить творчески. Новые формы и средства медиаобразования дают возможность учащимся познать предмет биологии, развернутый объем информации который раскрывает содержания материала в полном объеме  Игровые технологии  становятся эффективными педагогическими приемами, которые можно использовать на всех этапах урока: при объяснении и закреплении нового материала, определения уровня усвоения пройденной темой и оценивания  компетентности учащихся, а также для получения обратной связи..  Описывается применение таких информационных технологий как Kahoot( кахут), Quiz(мой квиз) и анализируются их влияние на качество обучения и степень обученности учащихся.

скачать/открыть

    Казканова Ч.Т.,
ДИДАКТИЧЕСКИЕ УСЛОВИЯ ПОДГОТОВКИ БУДУЩИХ УЧИТЕЛЕЙ НАЧАЛЬНЫХ КЛАССОВ К РАЗВИТИЮ ЛОГИЧЕСКОГО МЫШЛЕНИЯ УЧАЩИХСЯ ПРИ ОБУЧЕНИИ МАТЕМАТИКЕ
Страницы:218-225      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-218-225

Научная статья посвящена исследованию дидактических условий подготовки будущих учителей начальных классов к развитию логического мышления учащихся при обучении математике. В контексте современных вызовов образования, включая необходимость развития критического мышления и применения современных методов обучения, данное исследование имеет высокую актуальность. В статье проводится теоретический обзор понятия логического мышления в контексте математического образования, а также рассматривается роль данного аспекта в успешном усвоении математических знаний. Дополнительно освещается современное состояние исследований по развитию логического мышления у детей начальной школы и дидактические принципы, влияющие на эффективность обучения математике.

скачать/открыть

    Камилжан к.К.,
ИЛМЕ ДОС САЙМАСЫН ИЙНЕ ЖАНА КРЮЧОК МЕНЕН АТКАРУУНУН МЕТОДИКАСЫ
Страницы:226-234      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-226-234

Изилдөөнүн предмети -  көркөм кол өнөрчүлүк искусствосунун бир бөлүгү болгон “илме дос” саймасын аткарууну жогорку окуу жайдын студенттерине үйрөтүү болуп  эсептелет. Изилдөөнүн  максаты – кыргыз улуттук колдонмо өнөрүнүн түпкүсү болгон көчмөн калкыбыздын үй-ичин жана колдонгон буюмдарын кийген кийимдерин  саймачылык менен кооздошкон, көркөмдөп кооздоодо кеңири колдонгон саймачылыкты кийинки муундарга үйрөтүүдө ыңгайлуу жана жаңы ыкманы  колдонуп  жеткиликтүү жолдор менен үйрөтүүнүн жөнөкөй методдун иштеп чыгуу болуп саналат. Изилдөөлөр  педагогикалык байкоо жүргүзүү жана окутуу меттоддорунун жардамында аткарылган. Сунушталып жаткан окутуу  ыкмасында илме дос саймасын кийимдерде, буюмдарда колдонулушу. Сайманы ынгайлуу аткарууда негизги колдонулган куралдар көрсөтүлдү. Кол ийне менен аткаруудагы оңгой ыкмасы этаптары  көрсөтүлдү. Крючок колдонуп сайманы  аткарууда этаптарга бөлүнүп, ар бир этаптын схмалары менне көрсөтүлүп берилди. Студенттердин сайманы оңой үйрөнүүнү жана декоративдүү  колдонмо искусствосу таалимине байланыштуу сабактардын теорияны жана практиканы  айкалыштыруу менен терең өздөштүрүүсүнө жардам берет.

скачать/открыть

    Карасартова Н.А., Дуйшонбаева Д..., Уметалиев С.З.,
ЭЛЕКТР ЖАНА МАГНЕТИЗМ БѲЛҮМҮН ОКУТУУДА ПРЕДМЕТ АРАЛЫК БАЙЛАШТЫ ИШКЕ АШЫРУУ (БИОЛОГИЯ МЕНЕН ФИЗИКАНЫН МИСАЛЫНДА)
Страницы:234-240      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-234-240

Илимий макалада орто мектепте физика сабагында «Электр жана магнетизм» бѳлүмүндѳ предмет аралык байланышты ишке ашыруунун жолдору келтирилген. Азыркы жаңы стандарттын негизинде предметтерди интеграциялоо актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Окуу процессинде б.а. физика предметин башка илимдер менен байланыштырып сабак ѳтүү-окуучулардын логикасын ѳстүрүүгѳ, предметтик компетентүүлүктѳрүн жогорулатууга шарт түзѳт.

скачать/открыть

    Карасартова Н.А., Сапарбаева У.Ч.,
ПЕДАГОГИКАЛЫК ЖОЖДОРДО ФИЗИКА КУРСУНУН ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕРГЕ БАГЫТТАЛЫП ОКУТУЛУШУ
Страницы:240-247      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-240-247

бул илимий макалада жалпы физика курсун табигый илимий багытындагы  студенттерди окутуунун кесипке багытталган маселелери каралган. Физиканын закон, теорияларынын биологиялык процесстерде колдонулуучу айрым кубулуштары келтирилген.  Салттуу окуу материалдардан айырмаланып,  биологиялык мазмундагы лекция, физикалык маселе, көнүгүүлөр сунушталган. Мындай кесипке багытталган окуу материалдарынын студенттерге жеткиликтүү жана кызыктуу болоору илимий макалада мисалдар менен чагылдырылган. Физика дисциплинасынын “Механика” бөлүмүндөгү “Жөнөкөй механизмдер” аттуу теманы өткөндө жандуу жаратылыштагы рычагдар менен байланыштырып окутуунун методикасына айрыкча көңүл бурулат. Мисалы жаныбарлардын, адамдардын скелетинде жана кай бир өсүмдүктөрдүн чаңдашышында байкалуучу рычаг сымал кыймылдын түрлөрүнө көбүрөөк токтолууга туура келет. Өтүлгөн темаларды тиешелүү көнүгүүлөр, тесттик суроолор менен бышыктай турган болсок студенттердин билими гана эмес, билгичтик жана практикалык көндүмдөрү да ишке ашаары шек жаратпайт.

скачать/открыть

    Кекеева Ч.О.,
БИОЛОГИЯНЫ ОКУТУУДА ОКУУЧУЛАРДЫН ТАБИГЫЙ-ИЛИМИЙ САБАТТУУЛУГУН КАЛЫПТАНДЫРУУ ЫКМАЛАРЫ
Страницы:258-268      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-258-268

Макалада билим берүү системасындагы учурдун талабы болуп жаткан “функционалдык сабаттуулуктун” негизги компоненттери боюнча кыскача мүнөздөмө берилген. Табигый-илимийпредметтерин интегралдаштырып окутууда,  табигый-илимий сабаттуулуктун компетенцияларын калыптандырууиш аракеттеринин жүрүшү жанаокуучуларга берилген тапшырмалардын мазмундук түзүлүшүнүн мисалдарычагылдырылган.   

Мектептеги билим берүүдө окутулган бардык STEMпредметтердин алкагында, ошондой эле өзүнчө предметтин алкагында - логикалык, чыгармачыл жана сынчыл ой жүгүртүү, лидерлик, натыйжалуу баарлашуу ж.б. мисалдарыкаралган. Мында окуучуларга билимден тышкары, адамдар менен баарлашуу, өзүн-өзү таануу, тарбиялоо жана башка максаттар үчүн керек болгон көндүмдөрдү берүү зарыл экени баяндалган.

Эгерде биз, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн кадрдык потенциалдын жогорулашына камкордук көрсөк, анда жарандардын табият таануу сабаттуулугун калыптандыруу өнүгүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп каларын түшүнөбүз. Коомдун жашоо сапаты, билим деңгээли, анын инновацияларга даярдыгы көбүнчө жарандардын табигый-илимий сабаттуулугунан көз каранды. Табигый илимий сабаттуулугу адамдын табият илимдерине тиешелүү маселелерди чечүүгө жөндөмдүүлүгү, анын табият илимий идеяларына, ачылыштарына жана технологияларына кызыгууга даярдыгы катары түшүнүлөт. Бул жаатта сабаттуу адам табият илимдерине тиешелүү проблемаларды негиздүү талкуулоого катышууга умтулат.

Мектептеги окуу процессинде окуучулар функционалдык сабаттуулуктун негизги компонентеринин  компетенцияларына ээ болгонун, ар түрдүү кырдаалдагы деңгээлдик тапшырмаларды аткарууда билимин интегралдаштырып колдонууда байкалат жана негизги жашыл көндүмдөрдүн калыптанышына алып келет.

Табигый-илимий сабаттуулук – илимий методдордун жардамы менен изилденип, такталып, байкоолорго жана эксперименттерге негизделген тыянактарга алып келүүчү реалдуу кырдаалдардагы көйгөйлөрдү табигый-илимий билимдерди колдонуу менен аныктоого болгон жөндөмдүүлүк.

Ал тыянактар курчап турган дүйнөнү, адам баласынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында келип чыккан андагы өзгөрүүлөрдү түшүнүү жана тийиштүү чечимдерди кабыл алуу деп түшүнөбүз.

скачать/открыть

    Кендирбаева С.К., Казыбаева Г.С., Казакова Н.О.,
МЕТОДИКА СИСТЕМАТИЗАЦИИ ЗНАНИЙ УЧАЩИХСЯ НА УРОКАХ БИОЛОГИИ В РАЗДЕЛЕ «МОЛЕКУЛЯРНО-ГЕНЕТИЧЕСКИЙ УРОВЕНЬ ОРГАНИЗАЦИИ ЖИЗНИ»
Страницы:269-280      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-269-280

В статье представлена разработанный поурочный план методики систематизации знаний учащихся на уроках биологии, организованная учителем биологии с учащимися 9 «Б» классашколы – гимназии №48г. Бишкек.  В данной методике были составлены и использованы логические и графические задания со схематическими изображениями, которые направлены на выявление у учащихся уровня знаний и умений: обобщать, классифицировать и систематизировать изученные факты.

скачать/открыть

    Курбаналиев М.Б., Эгемназарова А.Ж., Бекжан кызы Г..., Макамбаева Ж.А., Ж.А.,
ОКУУЧУЛАРДЫ ФИЗИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУГА ҮЙРӨТҮҮНҮН МЕТОДИКАСЫНЫН АЗЫРКЫ АБАЛЫ
Страницы:280-285      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-280-285

Окуучуларды физикалык маселелерди чыгарууга үйрөтүүнүн методикасынын азыркы абалы иликтенди жана тиешелүү усулдук сунуштар иштелип чыкты.

скачать/открыть

    Кырбашова М.Т., Якубова М.Х.,
КЛАССТАН ТЫШКАРКЫ ИШТЕР – БИОЛОГИЯДАН ОКУУЧУЛАРДЫН ИЗИЛДϴϴЧYЛYК КϴНДYМДϴРYН КАЛЫПТАНДЫРУУНУН КАРАЖАТЫ КАТАРЫ
Страницы:285-294      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-285-294

Макалада мектепте биология сабагында окуучулардын изилдɵɵчʏлʏк кɵндүмдɵрүн калыптандыруунун  педагогикалык теориядагы жана практикадагы абалы  талданган. Мектеп окуучуларынын мектепте биоолгия сабагынан изилдɵɵчүүлүк кɵндүмдɵрүн калыптандыруудагы мүмкүнчүлүктөрү жана аны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн методикалык шарттары  ачыкталган. Мектеп окуучуларынын изилдɵɵчүлүк кɵндүмдɵрүн биология сабагынан класстан тышкаркы иштерди системалуу жүргүзүү аркылуу калыптандыруудагы ролун  педагогикалык эксперимент аркылуу тастыкоого арналган. Жалып билим берүүчү орто мектепте  биология сабагынан  класстан тышкаркы иштердин окуучулардын изилдɵɵчүлүк кɵндүмдɵрүн калыптандыруудагы натыйжалуу жыйынтыкка жетүү максатында класстан тышкаркы иштерди жүргүзүүнүн методикалык шарттары аныктап чыгылган. Беловодск  айылындагы №3 Беловодск лицей-мектебинин 6- класстарынын окуучуларында  биология сабагында класстан тышкаркы иштерди жүргүзүү аркылуу мектеп окуучуларынын изилдɵɵчүлүк кɵндүмдɵрүн калыптанышы  аныкталган.

скачать/открыть

    Кыштообаева Ч.А.,
ОРТО МЕКТЕПТЕ МАТЕМАТИКА ПРЕДМЕТТИН ОКУТУУНУН ЫКТЫМАЛДЫК - СТАТИСТИКАЛЫК БАГЫТЫ
Страницы:294-300      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-294-300

Бул макалада математика предметти окутуунун ыктымалдык- статистикалык багытыкаралды.  Коом ар дайым терең изилдөөлөрдү жана жаратылыш кубулуштары жөнүндө божомолдорду жасоо менен ыктымалдуулук жөнүндө түшүнүктөрдү талап кылууда. Ал тургай, аба ырайынын топтому "эртең жамгыр жаайт 40% ыктымалдуулук менен" билдирилүүдө. Биз окуучуларды ыктымалдык кырдаалда жашоого үйрөтүшүбүз абзел. Бул маалыматты алуу, талдоо жана иштеп чыгуу, кокусунан берилген ар кандай кырдаалдарда негизделген божомолдорду кабыл алуу дегенди билдирет. Ошондуктан, математикалык билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарын аткаруу үчүн дифференцирлеп окутууну колдонуу максатка ылайык келет.        Дифференцирлеп окутуу ар бир окуучунун реалдуу окуу мүмкүнчүлүгүнүн негизинде, ар бир окуучунун жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу, алардын кызыкчылыктарына жараша окутуу болуп саналат. 

скачать/открыть

    Ма Б...,
ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛ АРАБ ТИЛИ ГЕЗИТ-ЖУРНАЛДАР САБАГЫН ОКУТУУНУН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА ЫКМАЛАРЫ БОЮНЧА ИЗИЛДӨӨ
Страницы:301-306      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-301-306

Социалдык маалыматташтыруу терең өнүгүп келе жаткан бүгүнкү күндө, Араб тилиндеги гезит-журналдар электрондук каражаттардын жардамы менен байланыш маалымат каражаттары катары күчтүү жандуулугун жаркыратууда. Бул Араб дүйнөсүнүн позициясы, перспективасы, маданияты жана социалдык шарттары жөнүндө маалыматтын маанилүү булактарынын бири гана эмес, жогорку билим берүүнү окутууда , окуу планында да алмаштырылгыс ролду ойнойт. Бул макаладада жогорку класстарда Араб тилин окуунун маанилүүлүгү жана кыйынчылыктары талкууланып гезит окуунун студенттердин окуу жөндөмүн жогорулатууда жана окуу чегин кеңейтүүдөгү  ролу талданат, ошондой эле студенттердин тилин жана маданиятын түшүнүүнү жакшыртуу, заманбап Кытай жана Араб дүйнөсү жөнүндөгү түшүнүгүн жогорулатуу үчүн окутуунун кээ бир натыйжалуу стратегиялары жана ыкмалары сунуш кылынат.

скачать/открыть

    Макамбаева Ж.А., Калидин кызы Т..., Калмамат кызы Г...,
ОРТО МЕКТЕПТЕ ФИЗИКА САБАГЫНДА КОМПЬЮТЕРДИК ТЕХНОЛОГИЯНЫ КОЛДОНУУ ЖӨНҮНДӨ
Страницы:306-311      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-306-311

Макалада физика сабагын программалык камсыздоо, электрондук окуу куралы, аларды физика сабагында жана виртуалдык эксперментте жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү каралган. 

скачать/открыть

    Мурзаибраимова Б.Б.,
ФИЗИКАНЫ ОКУТУУДА ОКУУЧУЛАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК САБАТТУУЛУГУН КАЛЫПТАНДЫРУУ
Страницы:312-319      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-312-319

Бул макалада Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында физика предметин окутуу процессинде окуучулардын экологиялык сабаттуулугун калыптандыруу маселеси каралды. Алгач бүгүнкү күндө пайда болгон экологиялык көйгөйлөр, глобалдык климаттык кризис, ага алып келип жаткан себептер, аларды алдын алуунун жана четтеүүнүн жолдору талданды жана жаштардын экологиялык сабаттуулугун калыптандыруунун актуалдуулугу негизделди. Андан кийин окуучулардын экологиялык сабаттуулугун калыптандырууда физика предметинин ролу чоң экендиги, ага карабай буга чейин физиканы окутуу процессинде аталган маселеге жетишсиз көңүл бурулуп келгени тастыкталды. Физиканы окутууда окуучулардын экологиялык сабаттуулугун калыптандыруунун жолдору, ыкмалары сунушталды.

Макала Кыргыз билим берүү академиясында автордун 2023-2024-жылдары жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн негизинде даярдалды. Тактап айтканда, макаладагы материалдар жана сунуштар Кыргыз Республикасында мектептик жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик стандартын, жалпы билим берүүчү уюмдарда физиканы окутуунун предметтик стандартын, окуу программаларын жана илимий адабияттарды, ачык маалымат булактарына жарыяланган макалаларды, педагогдордун иш-тажрыйбаларын талдоолордун натыйжасына таянылып жазылды. Макалада жазылган методикалык көрсөтмөлөр Бишкек шаарындагы № 67 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында өздүк окутуу аркылуу апробацияланды. Мындагы материалдар жана методикалык сунуштар жалпы билим берүүчү мектептердин физика мугалимдери үчүн пайдалуу болот деген ишеничтебиз.

скачать/открыть

    Насирдинова Г.К., Бакенов Ж.Б.,
ХИМИЯ САБАГЫНДА ОКУУЧУЛАРДЫН ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮК КӨНДҮМДӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮ
Страницы:320-326      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-320-326

Макалада мектеп окуучуларынын химия сабагында шык-жөндөмдөрүнүн көрүнүшү жана өнүгүшү менен түздөн-түз байланышкан тема талкууланат. Бул илимди изилдөө процессинде көндүмдөрдү өнүктүрүү жана өркүндөтүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар, алар өз кезегинде илимий-изилдөө ишмердүүлүгү үчүн өтө зарыл. Заманбап билим берүүдөгү активдүүлүк мамиленин формасы катары сабак-изилдөөнүн маңызы ачылды.Мындан тышкары, макалада химия сабагында жана класстан тышкаркы иштерде, ийримдерде ж.б. Мындай иш-аракеттердин ар кандай түрлөрүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери талданат, химия боюнча окуу жана илимий-изилдөө иш-чараларын ишке ашырууда иштеп чыгууга мүмкүн болгон универсалдуу билим берүү иш-чаралары баяндалат. Химия сыяктуу илимди үйрөнүү процессинде мектеп окуучуларынын илимий-изилдөө иш-аракеттеринин процессин уюштуруу жана ишке ашыруу түздөн-түз негизги пункт болуп саналат, бул өз кезегинде химияга илим катары кызыгууну бир топ жогорулатып, аны кызыктуу жана пайдалуу кылат.

скачать/открыть

    Насирдинова Г.К., Кулумбаев Т.К., Коноева М.Э.,
ХИМИЯ САБАГЫНДА АКТИВДҮҮ ОКУТУУ МЕТОДДОРУН КОЛДОНУУНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУ
Страницы:326-333      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-326-333

Макала жаңы муундагы стандарттын талаптарына ылайык химиялык билим берүүнүн инновациялык мейкиндигинде активдүү окутуу ыкмаларын талдоого арналган. Мектеп окуучуларына билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана студенттердин мотивациясын, чыгармачылыгын жана өз алдынчалыгын андан ары өнүктүрүүнүн бул чөйрөсүндө педагогикалык тажрыйбаны жалпылоонун натыйжалары берилген. Азыркы учурда мугалимдер химияны окутуунун салттуу формалары менен инновациялык педагогикалык окутуу технологияларынын элементтерин оптималдуу айкалыштыруунун ар кандай варианттарын колдонушат. Инновациялык билим берүү чөйрөсүндө активдүү окутуу методдорун  ишке ашыруу процесси биринчи кезекте окуучулардын ишмердүүлүгүн активдештирүүнү камтыйт.

скачать/открыть

    Окен уулу Ш..., Мийзаева Г..., Шарабидинов Ш...,
БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕП КУРАГЫНДА КУРЧАП ТУРГАН ДҮЙНӨНҮ ИЗИЛДӨӨ БОЮНЧА КЛАССТАН ТЫШКАРКЫ ИШТЕРДИ УЮШТУРУУНУН МЕТОДИКАСЫ
Страницы:333-339      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-333-339

Бул макалада мектептеги билим берүүнү жакшыртуунун зарылдыгы мектеп окуучуларынын таанып билүү активдүүлүгүн интенсивдүү изилдөөнү, окуу мотивдерин жана ага болгон кызыгууну калыптандыруунун жолдорун издөөнү аныктайт.

«Бизди курчап турган дүйнө» предметине кызыгуу мотивациясын түзүүнүн жолдорунун бири окуучуну класстан тышкаркы иштер процессине тартуу болуп саналат. Студенттерге билим берүү жана тарбиялоодо класстан тышкаркы иштердин практикалык, тарбиялык, жалпы тарбиялык жана өнүктүрүүчү маанисин эске алуу менен ар бир мугалим класстан тышкаркы иштер канчалык көп берерин жана анын кандай зор потенциалын камтый турганын билет.

Мектептеги класстан тышкаркы иштер мектептин окуу-тарбия процессинин ажырагыс бөлүгү, негизги билим берүү программасы, комплекстүү түрдө тарбиялык жана класстан тышкаркы иштердин маселелерин чечүүчү катары таанылган, окуучулардын ишмердүүлүгүн уюштуруунун формаларынын бири болуп саналат.

скачать/открыть

    Сагындыков Ж..., Сейдикерим М.Д., Бектурова Ч.Т.,
ХИМИЯ САБАКТАРЫНДА АНИМАЦИЯЛЫК ВИДЕО ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ
Страницы:340-344      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-340-344

Окуучулардын табыгый илимдердин сабактары боюнча билим деңгээлинин эффективдүүлүгү менен сапаттуулугу, химиялык жана физикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу жолдоруна жараша болот. Анимациялык видео программаларды колдонуп окутууда окуучулардын өз алдынча түшүнүү сезими жанданат. Анимациялык видео метод окуучулардын көрүү сезими аркылуу чындыкка жакын маалымат алууга жана көп мезгилдерге чейин эсте калуусун күчөтүп терең билим алуусуна шарт түзөт.

скачать/открыть

    Сапарбаева У.Ч., Абасканова Н.М.,
МЕДИЦИНАЛЫК ЛИЦЕЙДЕ БИОЛОГИЯ САБАКТАРЫНЫН СТАНДАРТТЫК ЭМЕС ФОРМАЛАРЫН ӨТКӨРҮҮНҮН ЫКМАЛАРЫ
Страницы:344-353      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-344-353

Сабактын кайсы тиби болбосун ал конкреттүү дидактикалык милдеттерди чечүүгө мүмкүндүк берет. Заманбап сабактын мүнөздүү өзгөчөлүгү – окуучулардын активдүү (өз алдынча), окуу иш-аракетин уюштуруу, заманбап көрсөтмөлүүлүктү колдонуу, окуучуларга изденүүгө мүмкүндүк берүү, аларга изилдөөчүлүк чөйрөнү түзүп берүү. Мына ушул максаттарга жетүүдө мугалимдер стандарттык эмес сабактын түрдүү формаларын пайдаланып сабак өтүүгө тынымсыз аракет кылышууда.

            Бул макалада медициналык лицейде биология сабактарын окутуунун стандарттык эмес формаларын пайдалануунун ыкмалары каралды. Медициналык лицейдин окуу программасына адам жана анын ден-соолугуна түздөн-түз байланышкан темалар киргизилген. Ал темаларды өтүүдө күнүмдүк турмушта кездешүүчү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган стандарттык эмес формадагы сабактарды өткөрүүнүн айрым элементтери сунушталды. Мында окуучулардын иш-аракеттерин уюштуруу түрдүү форматта жүргүзүлөт: фронталдык, топтук, кичи топтук, жуптук жана жекече. Кайтарым байланышта окуучулардын маалымат издөө, интерпретациялоо, чыгармачылыгы, тапкычтыгы, коюлган максатка жетүүдөгү билгичтиктери жана көндүмдөрү, акыл менен ой жүгүртүүнүн айкалышы, сүйлөө таланты жана жанындагылар менен мамилеси эске алынат.

скачать/открыть

    Сапарбаева У.Ч., Акжолтоева Р..., Эргешалиева Б.Н.,
СТУДЕНТТИК ГРУППАНЫН КУРАТОРУНУН ЖОЖДУН ТАРБИЯ ИШТЕРИНДЕГИ РОЛУ
Страницы:354-363      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-354-363

Бул макалада И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттик группасына кураторлук кылуудагы өздүк тажрыйбалар, студенттер менен ар түрдүү багыттагы тыгыз байланыштар жана куратор аткарган кызматтын түрлөрү, анын практикадагы эффективдүүлүгү чагылдырылган.  Замандын талабына ылайык жогорку окуу жайларында куратордун иштериндеги инновациялык иш-аракеттерди жаңы көз карашта алып баруу, куратордун функциясынын түрлөрү, анын укуктары жана милдеттери, аткарган иштери боюнча жазылган отчеттор берилген. Ошондой эле студенттердин акыл-ой жүгүртүүсү, түшүнүгү, өзүн алып жүрүүсү, окуудагы жетишкендиктери жана коомдогу жүрүм-турум, этикеттер боюнча алынган анкеталардын мисалдары көрсөтүлгөн. Студенттердин кесиптик компетенттүүлүктөрүн, жогорку окуу жайдын көп функционалдуу тарбиялоо чөйрөсүндө тарбия жана билим берүү системасынын компоненттеринин өз ара карым-катнашын жакшыртуу маселелери каралган.

скачать/открыть

    Сатыбекова М.А.,
БИОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ
Страницы:368-374      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-368-374

Макалада билим берүүнүанын ичинде биологиялык билимберүүнүнсанариптештирүүнүн негизги багыттары талданды. Анда, заманбап биологиялык билим берүүнүн максаты жанабилим берүүнүн практикасындагы болуп жаткан тенденцияларбиологиялык билим берүүнү санариптештирүүгө түрткү берүүчү жагдайлар каралды. Ошондой эле, “Биология” 7 класс “Жаныбарлар” окуу программасына (2023 ж.) ылайык иштелип чыккан электрондук лабораториялык, практикалык иштер жана видео материалдаранализденип берилди. Жалпы эле табигый илимдерде анын ичинде биология предметинде өздөштүрүүгө тийиш болгон билимдердин системасыилимий факт, илимий түшүнүктөр, илимий теориялар, илимий мыйзамдардан турары, алар бири бири менен тыгыз байланышта өнүгө тургандыгыиликтенди. Автор тарабынан иштелип чыккан электрондук лабораториялык жана практикалык иштердин республиканын биология мугалимдери тарабынан колдонулуп жаткандыгын тастыктаган материалдар менен коштолду.

скачать/открыть

    Сатывалдиев А..., Бакенов Ж.Б., Жайнакова П.Т.,
ХИМИЯ БОЮНЧА ЗАМАНБАП САБАКТЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
Страницы:363-368      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-363-368

Химия боюнча заманбап сабактын максаты окуучунун окууга болгон кызыгуусун  жана  окутуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу. Окуучулар үчүн заманбап сабак бул башка психологиялык абалга өтүү, өзүндөгү жаңы сапаттарды сезүү. Окутуучу үчүн заманбап сабак бул өзүнүн жумушуна чыгармачылык менен мамиле кылып, өзүн реализациялоого жана өзүнүн идеяларын ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Заманбап сабак кандай болушу керек, ? Анын структурасы кандай өзгөрүшү керек? Бул суроолор кокусунан пайда болбойт. Акыркы убакта мугалимдердин заманбап сабактардын көйгөйлөрүнө, анын ичинде химия сыяктуу татаал сабакка болгон кызыгуусу кескин өстү. Албетте, сабак системалуу, ырааттуу жана окуучулардын билимин өздөштүрүү жагынан күчтүү болушу керек. Химия сабагын өркүндөтүү проблемасы мектепте химиялык дисциплиналарды окутуунун окуу-тарбия процессинин маанилүү проблемасы болуп саналат, биринчи кезекте сабак учурунда окуучуларды уюштуруунун жаңы ыкмаларын жана формаларын колдонуунун жолдорун издөөгө өзгөчө көңүл бурулат.

скачать/открыть

    Султаналиева Р.М., Тынышова А.М.,
ИНТЕРАКТИВНЫЕ ТЕХНОЛОГИИ: НОВЫЕ ГОРИЗОНТЫ В ОБУЧЕНИИ ФИЗИКИ В ВУЗАХ
Страницы:375-384      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-375-384
В статье указывается  возможности использования интерактивных образовательных технологий для создания эффективных учебных ситуация на различных этапах урока. Выявить наиболее эффективные приёмы использования интерактивных технологий на уроках физики для активизации познавательной деятельности обучающихся. Обобщить опыт применения интерактивных моделей процессов на уроках физики. Рассмотрены использования методов интерактивного обучения на уроках физики.При проведение занятий на кафедре «Физика» КГТУ им. И. Раззакова,с использованием инновационных технологий предложила задания с помощью цифровых ресурсов, а для систематизации использовались различные интерактивные технологии и интернетные ресурсы, сервисы и платформы.. Ввнедрены проверечные тестовые задания для СРС, виртуальные лабораторные работы и интерактивные рабочие листы для проверки срез знаний, рейтинговых контрольных работ и т.д. при помощью интерактивных платформ с раличнымы технологиями.

скачать/открыть

    Темирбек уулу И..., Жантемирова К.К., Төлөгөнова Г.А., Карагулова А.И., А.И.,
ПЕДАГАГОГ АДИСТЕРДИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮН КАЛЫПТАНДЫРУУДА ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАНЫН РОЛУ
Страницы:384-390      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-384-390

Макала жогорку кесиптик билим берүү системасында студенттердин кесиптик негизги компетенцияларынын калыптанышында педагогикалык  практиканын ролу теориялык жана практикалык изилдөөнүн натыйжасы болуп саналат.
Окутуучунун педагогикалык  практикага толук салым кошуу үчүн болочок мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу, анын өндүрүштүн жакшы жактарын жана кемчиликтерин эсепке алуу менен дайыма модернизацияланууга тийиш. Мына ушундай учурда гана болочок мугалимдердин практикалык иш-аракеттери негизги максатка жетишүүгө өбөлгө түзөт. Практика келечектеги мугалим үчүн өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүнүн каражаттары жана ыкмалары анын рефлексиясынын предмети болуп калган табигый педагогикалык процесстин шарттарында методологиялык рефлексияны иш жүзүндө калыптандырууга жардам берет. Педагогикалык практика мезгилинде окуучулар предметтик мугалимдер жана окуучулар менен өздөрүнүн максаттарына жетүү үчүн педагогикалык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну ишке ашырышат, окуучулардын таанып-билүү активдүүлүгүн активдештирүүчү, алардын чыгармачылык күчүн, өз алдынча билим алуу демилгесин өнүктүрүүчү ыкмаларды  өздөштүрүшөт.

скачать/открыть

    Тешебаев А.К., Курбанбекова С.Ж.,
ЖОГОРКУ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ЖАРАНДЫК ПОЗИЦИЯСЫНЫН КАЛЫПТАНДЫРУУНУН ПЕДАГОГИКАЛЫК ШАРТТАРЫ (БАТКЕН ОБЛАСТЫНЫН МИСАЛЫНДА)
Страницы:391-397      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-391-397

Бул макалада Баткен областынын окуучуларынын  жарандык активдүүлүгүн калыптандырууда региондун социалдык – экономикалык өзгөчөлүктөрү каралган. Ушул территорияда жашаган элдерине болгон мүнөздүү  өндүрүшү жана кесиптик багыттагы жумуш менен камсыз болушу. Ушул эле региондун өзгөчөлүктөрү алардын жашоо деңгээлин, экономикалык байланыштарын башка региондор менен жана башка чет өлкөлөрү менен болгон байланыштарына анали жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүккө ээ болушу,  жалпы адамзаттык деңгээлде демократиялык принциптердин отурукташуусу, тездик менен жайылып бара жаткан ааламдашуу доорундагы кыймылдуулуктун күч алышы, ушул эле учурда мамлекет тарабынан инсандын жарандык позициясына болгон талаптын өсүшү ж.б. жаштарды жарандык жактан тарбиялоо меселесин актуалдаштырууда.  Жарандык тарбиялоо маселесин  регионалдык факторсуз кароого болбойт, ал мезафактор структурсанына күчтүү шарттарын түзөт, окуучулардын жарандык калыптануусуна өз таасирин берет.

            Регионалдык факторлор инсандын калыптанышына чоң таасирин берет, регионго мүнөздүү болгон өзгөчөлүгүнө жараша, жаратылыштык –географиялык, социалдык-географиялык, демографиялык, жана тарыхый –маданий шарттар кирет ж.б. Жаштардын жарандык активдүүлүгүн калыптандырууда региондун социалдык – экономикалык өзгөчөлүктөрү чоң таасирин берет. Ушул территорияда жашаган элдерине болгон мүнөздүү  өндүрүшү жана кесиптик багыттагы жумуш менен камсыз болушу. Ушул эле региондун өзгөчөлүктөрү алардын жашоо деңгээлин, экономикалык байланыштарын башка региондор менен жана башка чет өлкөлөрү менен болгон байланыштарын аныктайт.

скачать/открыть

    Токонбекова К.Ч., Мырзабекова Ж.М., Мукамбетжан кызы Л...,
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН, СТУДЕНТТЕРДИН «ФИЗИКА» ПРЕДМЕТИНЕ БОЛГОН КӨЗ КАРАШЫНДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨР
Страницы:37-401      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-397-401

Окуучулардын физикалык билимдеринин сапаты жана аны окутуунун методикасынын натыйжалуулугу окуу материалынын берилишинен, окуучулардын билимге ээ болуу чыгармачылыгын актвдештирүүчү ыкмаларды жана усулдарды мугалимдердин тандап алуусунан, анын окуучуларга койгон талабынан жана аларды физикага кызыктыра ала тургандыгынан көз каранды. 

скачать/открыть

    Токталиева Г.Р., Сеитова М.У.,
ХИМИЯ ПРЕДМЕТИН ОКУУТУДА ЭКОЛОГИЯЛЫК ТҮШҮНҮКТƟРДҮ КАЛЫПТАНДЫРУУ
Страницы:402-409      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-402-409

Жердин глобалдык экосистемасы катары биосферада болуп жаткан химиялык процесстердин аспектисинде химия предметин окуутуда экологиялык түшүнүктөрдү калыптандыруу жана химия предметинин экологиялык дисциплиналар менен байланышын кароо. Химия предметинин экологиялык илиминдерде ролун жана ордун карап чыгуу, биосферанын түзүлүшүн жана анын компоненттеринде: атмосферада, гидросферада, литосферада жана кыртышта болуп жаткан химиялык процесстерди талдоо.Химиянын негизги закон ченемдүүлүктөрүн таянып окуучулардын, студенттердин айлана –чөйрөгө болгон  диалектикалык- материалистик  көз караштарды калыптандыруу;

-Химияны окутууда ар кандай физикалык, биологиялык, экологиялык, географиялык  алгачкы түшүнүктөрдү калыптандыруу;

-Химияны окутууда ар кандай химиялык кубулуштардын себептери жөнүндөгү түшүнүктөрд калыптандыруу;

- Химия предметин окутууда химияга физикалык, биологиялык, экологиялык, географияга тиешелүү материалдарды чагылдыруу менен окучуулардын өз жерине болгон мээнеткечтик сарамжалдуу, атуулдук сезимин тарбиялоо;

- Химиялык  заттардын алынышын жана ага байланыштуу таштандылардын жаратылышка тийгизген терс таасири менен тааныштыруу аркылуу окуучулардын, студенттердин химиялык –экологиялык сабатсыздыгын жоюу;

-Эл чарбасында, анын ичинде химиялык өндүрүштө айыл чарбада, уй- тиричиликте химиялык заттарды туура пайдалануу сактоо боюнча окуучулардын билгичтигин калыптандыруу.

скачать/открыть

    Торокулова С.С.,
ВЛИЯНИЕ КЫРГЫЗСТАНА НА ОБУЧЕНИЕ ИНДИЙСКИХ СТУДЕНТОВ: АНАЛИЗ ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫХ ВОЗМОЖНОСТЕЙ, КУЛЬТУРНЫХ ВЗАИМОДЕЙСТВИЙ И МЕЖДУНАРОДНОГО СОТРУДНИЧЕСТВА
Страницы:409-414      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-409-414

Бул макалада  эки өлкөнүн ортосундагы билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнө, маданий карым-катнаштарга жана эл аралык кызматташтыкка көңүл буруу менен Индиянын студенттеринин окуусуна Кыргызстандын тийгизген таасири иликтенет. Тез өнүгүп жаткан эл аралык билим берүү чөйрөсүнүн шартында чет өлкөдө билим алууга болгон кызыгуу өсүүдө жана Кыргызстан индиялык студенттер үчүн барган сайын жагымдуу жайга айланууда.

Макалада алмашуу программаларын, стипендияларды жана өлкөнүн университеттериндеги билим берүүнүн сапатын кошо алганда, Индиялык студенттердин Кыргызстандагы билим алуу мүмкүнчүлүктөрү талданат. Медициналык жана инженердик билимге басым жасалат, анткени бул тармактар Индиялык студенттерди өзгөчө кызыктырат.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы маданий өз ара мамилелердин окуу процессине тийгизген таасири иликтенүүдө. Университеттин ичинде жана сыртында өткөрүлгөн маданий алмашуулар, тил программалары жана иш-чаралар студенттердин тажрыйбасын байытууда жана достук маанайды түзүүдө маанилүү ролду ойнойт.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Индиянын окуу жайлары ортосундагы эл аралык кызматташуу маселеси талкууланууда. Программаларды алмашуу, биргелешкен изилдөө долбоорлору жана академиялык конференциялар өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы Билим берүү мамилелерин өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Изилдөө Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы Билим берүү тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргызстандагы индиялык студенттер үчүн жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүү үчүн кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө чакырат.

скачать/открыть

    Турдакунова А.С., Ойчуева Р.Р.,
ИНЖЕНЕРДИК ЖАНА МАТЕМАТИКАЛЫК ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮН КОМПОНЕНТТЕРИ
Страницы:415-421      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-415-421

Макалада инженердик жана математикалык ой жүгүртүүнүн компоненттерин талдоонун негизинде түзүлгөн инженердин математикалык жөндөмдүүлүгүнүн модели талкууланат. Моделде көрсөтүлгөн компоненттерди калыптандыруу жана өнүктүрүү студенттерге жогорку математиканы окутуу процессинде тапшырмалардын адистештирилген циклдерин колдонуу аркылуу ишке ашырылат. Инженердик иштин маңызы – коомдун керектөөлөрүнө ылайык техникалык системаларды түзүү жана тейлөө процесстерин интеллектуалдык жактан камсыздоо.

Инженердик билим берүү ассоциациясынын эксперттеринин [1] айтымында, азыркы учурда, ар кандай деңгээлдеги жана мүнөздөгү инженердик билим суроо-талапка ээ: энциклопедист-инженерлер (интеллектуалдык эмгектин бөлүнбөгөн чакан ишканаларында иштөөгө багытталган); технологиялык инженерлер (даяр жогорку технологиялык технологияларды иштеп чыгууну жана аларды өндүрүшкө киргизүүнү камсыз кылуучу инженерлер (илимий идеяларды технологияга айландырууну камсыз кылуу); кесипкөй инженерлер (долбоорлоодон баштап технологияны иштеп чыгууга, өндүрүүгө, керектөөчүлөргө жеткирүүгө жана эксплуатациялоого чейинки системаларды түзүүнүн жашоо циклинин бардык этаптарында иштөөгө жөндөмдүү).

скачать/открыть

    Турдакунова А.С., Осмонова Н.Ш.,
IT КОМПАНИЯЛАРЫНДА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК СИСТЕМАЛАР: КОЛДОНМО МАТЕМАТИКА ЖАНА КИБЕРНЕТИКАДА КОЛДОНУУ
Страницы:421-427      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-421-427

.Макаланын максаты - интеллектуалдык системаларды колдонууга басым жасоо менен IT-компанияларда колдонмо математиканы жана кибернетиканы колдонууга сереп салуу. Макалада интеллектуалдык системалардын өнүгүшүнө байланыштуу прикладдык математиканын жана кибернетиканын негизги түшүнүктөрүнө жана ыкмаларына кыскача баяндама берилет. Ал ошондой эле интеллектуалдык системаларды өз иштерине ийгиликтүү киргизген IT-компаниялардын үч мисалын карап, бул системалар бизнесинин ийгилигине кандай салым кошконун көрсөтөт. Акырында, кейс изилдөөлөрүнүн негизги жыйынтыктарын көрсөтүү үчүн бир нече таблицалар берилет.

скачать/открыть

    Тыналиева Ч.Т., Сейтказиева Н.С.,
ИЛИМИЙ ДИСЦИПЛИНАЛАР ЧӨЙРӨСҮНДӨ БИЛИМДИ БААЛОО ҮЧҮН ИННОВАЦИЯЛЫК СТРАТЕГИЯЛАР: САЛТТУУ ТЕСТТЕРДЕН ДОЛБООРДУК ИШТЕРГЕ ЖАНА ПОРТФОЛИОЛОРГО ӨТҮҮ
Страницы:435-442      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-435-442

Макалада табигый дисциплиналар боюнча билимди баалоонун колдонулуп жаткан ыкмаларын карап чыгуу жана студенттерди баалоодо инновациялык ыкмаларга өтүү зарылчылыгынын негиздери жазылган.

Тест жана экзамен сыяктуу салттуу баалоо ыкмаларынын кемчиликтери каралып, мындай ыкмалар студентердин көндүмдөрүн ар тараптуу өнүктүрүүгө дайыма эле өбөлгө боло бербейт деп айтылат. Анын ордуна, студенттерге өздөрүнүн билимин жана көндүмдөрүн реалдуу жана практикалык шарттарда көрсөтүүгө мүмкүндүк берген долбоор иштери жана портфолио сыяктуу инновациялык стратегияларды киргизүү сунушталууда.

Төмөндө илимди окутууда долбоордук иштерди жана портфолиолорду колдонуунун артыкчылыктары каралат жана бул ыкмаларды ийгиликтүү колдонуунун мисалдары келтирилген. Баалоонун инновациялык стратегияларын өнүктүрүүнүн натыйжалуулугуна жана келечегине, ошондой эле аларды ишке ашырууда жана колдоодо мугалимдердин жана билим берүү мекемелеринин ролуна өзгөчө көңүл бурулат.

Жыйынтыктап айтканда, макала студенттердин илим чөйрөсүндө кыйла натыйжалуу окуусун жана өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн билим берүү процессинде инновациялык баалоо стратегияларын андан ары изилдөө жана практикалык ишке ашырууну талап кылат.

скачать/открыть

    Усенгазиева Г.С., Боогачиева А.К.,
ИЛИМИЙ УСТАТ: ПЕДАГОГ-ОКУМУШТУУЛАРДЫН КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮСҮНӨ КОЛДОО КӨРСӨТҮҮЧҮ БАГЫТ
Страницы:443-449      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-443-449

Макалада Кыргыз Республикадагы билим жана илим чөйрөсүндөгү илимий устаттын педагог-окумуштуулардын кесиптик өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүдөгү багыттар камтылган. Илимий-изилдөөлөрдөгү маселелердин чечилиш жолдору менен алардын көп кырдуу тармактар менен биргеликте илимий жетекчиликтин иши көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө илимий-изилдөө иштердин жыйынтыктары жана алардын ишке ашырылышы актуалдуу маселелердин бири. Илимий устаттын жаш окумуштууларды илимий-изилдөө иштерине багыт берүү бул  бирден бир негизги көрсөткүч экендиги макалада берилген. Педагогика илимдеринин доктору, профессор М. Ж. Чоровдун жетекчилиги астында педагогика, топурак таануучу, биология жана экология жаатындагы жасалган иштердин этаптары көрсөтүлүп, көп кырдуу окумуштуунун билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү алгылыктуу иштери жөнүндө баяндалып, ар бирине кеңири токтолуп, анализ жасоо менен бирге изилдөөчүлөрдүн иштери камтылган.

скачать/открыть

    Халилова Г.Т., Нуралиева А.М.,
БAШТAЛГЫЧ КЛAССТAРДA ГEOМEТРИЯЛЫК МAТEРИAЛДAРДЫ OКУТУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Страницы:449-457      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-449-457

Зaмaнбaп билим бeрүүдө aктивдүү oкутуу мeтoддoру, өзгөчө бaштaлгыч клaсстaрдa oкуучулaрдын билим жaнa көндүмдөрүнүн пaйдубaлдaры кaлыптaнгaн сaйын чoң мaaнигe ээ бoлуудa. Oкутуугa өзгөчө мaмилeни тaлaп кылгaн мaaнилүү сaбaктaрдын бири – гeoмeтрия. Бaштaлгыч клaсстaрдa мeйкиндик мaмилeлeри жaнa гeoмeтриялык фигурaлaр жөнүндө нeгизги түшүнүк кaлыптaнaт, aл кийинчeрээк тaтaaлырaaк мaтeмaтикaлык түшүнүктөрдү үйрөнүүгө нeгиз түзөт. Aкыркы жылдaры кooмдун сoциaлдык турмушундaгы жaнa экoнoмикaдaгы жүрүп жaткaн глoбaлдуу өзгөрүүлөр билим бeрүү систeмaсын рeфoрмaлoo бoюнчa ыкчaм чeчимдeрди тaлaп кылып жaтaт. Aр бир дooрдун өнүгүшүндө өз aдистeринe кaрaтa aнык бир тaлaптaр бaр. Aзыркы учурдa aл тaлaптaр aдистин билимин тынымсыз өркүндөтүп туруусу мeнeн бaйлaнышкaн. Бул милдeтти ишкe aшыруудa мeктeптин oкуу плaнындaгы дисциплинaлaрдын aр биринин өз oрду бaр.

скачать/открыть

    Чжан Вэйвэй ....,
DIGITALIZATION OF PERSONNEL WORK IN COLLEGES AND UNIVERSITIES IN THE NEW ERA
Страницы:458-464      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-458-464

In the year of 2022, education, science and technology, and talent were first time integrated into a unified strategic plan, reflecting the China’s new requirements for personnel management in colleges and universities in the new era. Personnel management in colleges and universities involves comprehensive management and services throughout a teacher's career and should fully leverage digital capabilities for talent development. However, due to the specific characteristics of personnel management in colleges and universities and the emerging issues in digitalization, such as the lack of top-level design, basic knowledge, and talent, the development of digital systems has lagged significantly behind the needs of digitalization. This paper adopts a problem-oriented approach to conduct five practical strategies, gradually shifting the focus of data from “personnel” data to comprehensive “people” data. It explores new models, new ideas, and new methods for the digitalization of personnel management.

скачать/открыть

    Чоров М.Ж., Ниязова Н.Д., Мухтарбек кызы Б...,
ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ - АЙЛАНА ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН БАШАТЫ
Страницы:465-470      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-465-470

Азыркы учурда экология маселеси бүткүл дүйнө эли кечиктирбей чечүүгө тийиш болгон түйүндүүмаслелердин бири. Балдарды жаратылыш аркылуу тарбиялоодо экологиялык түшүнүктөр калыптана баштайт. Жаратылыштын ар түрдүү көрүнүш балдардын көңүлүн эрксизден буруп, кызыкчылыгын арттырып  оюнга, эмгекке,  көркөм   ишмердүүлүккө  шыктандыраары  шексиз.  Ошондой болсо да   бардык эле балдар жаратылыш  менен  өз  ара аралашууда жаратылыш  жөнүндө   туура  түшүнүккө  ээ болуп,  жандуу жана жансыз   жаратылыштын  ортосундагы  өз  ара  байланышты байкай коюшпайт.Ошондуктан жаратылышты көрөбилүүгө мугалимдин же   башка чоң кишилердин жетектөөсүнүн зарылдыгы бар. Жаратылышта балдарды эмне таң  калтырса ошону абдан кароого мүмкүндүк берүү талапка   ылайык.

скачать/открыть

    Чоров М.Ж., Ыканов А.И., Касымалиев М.У.,
6-КЛАССТА «БИОЛОГИЯ» ПРЕДМЕТИН ОКУТУУДА САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУНУН МЕТОДИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Страницы:470-478      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-470-478

Бул илимий макала билим берүү чөйрөсүн санариптештирүү шарттарында 6-класста “Биология” предметин окутууда санариптик технологияларды колдонуунун методикалык өзгөчөлүктөрүнө арналган.

Автор жалпы билим берүүчү мектептерде биологияны окутууну башка дисциплиналар сыяктуу эле биологиялык илимдердин негизин чагылдыруучу түшүнүктөрдүн системасы катары эсептейт.

Компьютердик технологияларды  окутуу процессинин бардык этаптарында колдонуунун функционалдык мүмкүнчүлүктөрү аныкталган жана алардын мисалдары келтирилген. 

Санариптик технологиялардын, электрондук басылмалардын жардамы менен мугалимдер окутууну индивидуалдаштырып, инклюзивдүү кылып, персоналдаштырылган программалардын жардамы менен окуучулардын ар биринин потенциалын ачууга мүмкүндүк берет.

скачать/открыть

    Абдылдаева Н.У.,
РОЛЬ ВЫСШИХ УЧЕБНЫХ ЗАВЕДЕНИЙ В ФОРМИРОВАНИИ ИЗБИРАТЕЛЬНОЙ СИСТЕМЫ
Страницы:478-485      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-478-485

Высшие учебные заведения (ВУЗы) играют ключевую роль в формировании демократических процессов, включая избирательную систему. В данной статье исследуется многосторонний вклад ВУЗов в разработку, внедрение и реформирование избирательных систем. Основываясь на теоретических концепциях, эмпирических исследованиях и на анализе выборов депутатов ЖК КР с 2022 по 2024 гг. Встатье рассматривается способы, которыми ВУЗы вносят свой вклад в формирование избирательных систем, образование избирателей, избирательную администрацию и демократическое управление. Кроме того, исследуются вызовы и возможности, связанные с участием ВУЗов в избирательных процессах, и предлагаются рекомендации по усилению их влияния на целостность избирательной системы и консолидацию демократии.

Данная статья исследует роль высших учебных заведений в формировании избирательной системы. Обсуждаются методы и инструменты, которые университеты могут использовать для обучения студентов основам демократического участия, развития критического мышления и понимания процесса выборов. Анализируются практики различных учебных заведений по всему миру и их влияние на формирование активного и информированного избирательного корпуса.

скачать/открыть

    Абдыкапарова А.О., Малик к.А., Абдрахманова Б.С.,
ЗООЛОГИЯНЫ ОКУТУУДАГЫ ПРЕДМЕТ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАРДЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ
Страницы:123-131      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-123-131

Макалада зоологияны окутуудагы предмет аралык байланыштардын мүмкүнчүлүктөрү каралган. Предмет аралык байланыштар илимдин ар кандай тармактарындагы билимдерди бириктирүүгө мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде сынчыл ой жүгүртүүнү, чыгармачылык шыктарды жана анализ жүргүзүү көндүмдөрүн өнүктүрүүнү шарттайт. Зоологияны окутуу процессинде экология, география, химия, физика, математика жана тарых менен мындай байланыштарды түзсө болот. Натыйжада окуучулар жаныбарлар жана алардын жашоо тиричилиги жөнүндөгү билимдерин кеңейтип гана тим болбостон, зоологиянын илимдин башка тармактары менен кандайча байланышта экендигин көрө алышат. Ар бир сабакта окуучуларга зоологиялык билимдер менен катар эле тектеш предметтер менен байланыштырып, комплекстүү билим берүүгө басым жасалды. Негизинен канаттуулар классын өздөштүрүүдө программадагы темалардын алкагында канаттуулардын түзүлүшү, тиричилигиндеги өзгөчө учууга болгон ыңгайлануучулугу, сууда сүзүүсү, негизги түркүмдөрү, сейрек кездешүүчү түрлөр жөнүндөгү билимдерди берүү менен физика, экология жана география предметтери менен байланыштырылды.

скачать/открыть

    Казанов Е.В., Чоров М.Ж.,
ИНЖЕНЕРНЫЕ СОРЕВНОВАНИЯ КАК СПОСОБ ФОРМИРОВАНИЯ ПРОФЕССИОНАЛЬНОЙ ОРИЕНТАЦИИ СРЕДИ МОЛОДЕЖИ (НА ПРИМЕРЕ “СОЛНЕЧНАЯ РЕГАТА”)
Страницы:209-217      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-209-217

В статье рассматриваются инженерные соревнования "Солнечная регата" как уникальная площадка для развития творческого мышления и практических навыков среди школьников и студентов. Исследование подчеркивает важность данных мероприятий в контексте образования и развития молодежи, позволяющих им не только изучить принципы создания солнечных судов, но и попробовать свои силы в качестве исследователя, инженера и лидера команды. Авторы статьи анализируют роль "Солнечной регаты" в формировании профессиональной ориентации участников, а также в развитии их навыков в области технического творчества. Особое внимание уделяется влиянию таких инженерных соревнований на мотивацию и уверенность молодых специалистов в своих силах, что способствует их дальнейшему профессиональному росту и успеху в инженерной сфере. В целом, статья демонстрирует, что "Солнечная регата" является эффективным инструментом для развития инновационного мышления и практических навыков среди участников, способствуя их успешной карьере в области солнечной энергетики и инженерных наук.

скачать/открыть

    Касымалиев М.У., Супаналиев Б.Т., Алдашов К.Б., Орозбаева А.А., А.А.,
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНА ӨТҮҮ ПРОЦЕССИНДЕГИ НЕГИЗГИ ЭТАПТАР
Страницы:248-257      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-248-257

Бул илимий макалада Кыргыз Республикасындагы 12 жылдык билим берүү программасына өтүүнүн негизги багыттары жана этаптары каралган. Изилдөө заманбап билим берүүнүн теориялык негиздерине жана аны Кыргыз реалдуулугунун контекстинде ишке ашыруунун практикалык аспектилерине негизделген билим берүү системасынын заманбап талаптарын комплекстүү талдоону билдирет. Автор билим берүүнүн негизги принциптерин жана түшүнүктөрүн, билим берүү тутумдарынын эволюциясын жана 12 жылдык билим берүү программасынын маанисин жана максаттарын талдайт. Билим берүү мекемелерин жана педагогикалык персоналды даярдоо этаптарына, ошондой эле жаңы окуу программаларын жана методикаларын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Илимий макалада ошондой эле билим берүү системасына жана бүтүндөй коомго өтүүнүн таасирин баалап, демилгени ишке ашыруу процессиндеги оң аспектилерди жана мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү аныктайт. Алынган жыйынтыктар Кыргыз Республикасында жана ушул сыяктуу билим берүү чакырыктары бар башка өлкөлөрдө 12 жылдык билим берүү программасын ийгиликтүү ишке киргизүү стратегиясын иштеп чыгуу үчүн пайдалуу болушу мүмкүн.

скачать/открыть


СОДЕРЖАНИЕ


ОБЛОЖКА ЖУРНАЛА


ТИТУЛЬНАЯ СТРАНИЦА ЖУРНАЛА


БИОЛОГИЯ

    Ашымбаева Б.А., Сазыкулова Г.Ж., Нурманбетова А.Т.,
ПОЛУЧЕНИЕ И ПРИМЕНЕНИЕ ИНСЕКТОАКАРИЦИДНОЙ ЛЕЧЕБНО-ПРОФИЛАКТИЧЕСКОЙ СМЕСИ НА ОСНОВЕ ЭФИРОМАСЛИЧНЫХ РАСТЕНИЙ ПРОТИВ ПАРАЗИТОВ СЕЛЬСКОХОЗЯЙСТВЕННЫХ ЖИВОТНЫХ
Страницы:10-16      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-10-16

В статье дана информация о лечебно-профилактической смеси, полученной из лекарственных растений. В последнее время поиск ядовитых и эфиромасличных растений, эффективных для борьбы с клещами и многоядными насекомыми является актуальной проблемой. Из информации научных трудов известно, что такими свойствами обладают многие растения. Нами для этой цели выбраны некоторые лекарственные растения. Дана характеристика и содержание биологически активных веществ,выбранных лекарственных и эфиромасличных растений, их использование для уничтожения личинок носоглоточного овода и чесоточного клеща. Использовались различные органы лекарственных, эфиромасличных растений, такие как иглы, шишки, листья, молодые стебли. Разработана схема технологии изготовления лечебно-профилактической смеси ЛПС. Полученная информация может быть полезна заинтересованным сторонам народного хозяйства. 

скачать/открыть

    Бейшеналиева С.Т., Мамбеткулова Ч.Б., Боогачиева А.К.,
ИЗУЧЕНИЕ БИОХИМИЧЕСКИХ СВОЙСТВ САНИТАРНО-ПОКАЗАТЕЛЬНЫХ МИКРООРГАНИЗМОВ
Страницы:16-23      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-16-23

В данной научной статье изучены биохимические свойства санитарно-показательных микроорганизмов. В настоящее время инфекционные болезни остаются одной из наиболее актуальных проблем современной биологии. Целью нашего исследования являются выявление санитарно-показательных микроорганизмов в бактериологической лаборатории и изучение биохимических свойств выявленных микроорганизмов. Объектом исследования являлись санитарно-показательные микроорганизмы. В ходе исследования были изучены образцы, взятые из хирургического, стоматологического и родильного отделений районной больницы Жайыльского района. Путем проведения бактериологического контроля выявлены санитарно-показательные микробы, изучены их культуральные и биохимические свойства. Проведен бактериологический контроль по обеспечению стерильности инструментов в хирургических, стоматологических, родильных отделениях, изучена микробная обсемененность воздуха и объектов окружающей среды. В ходе исследований использовали бактериологические, культуральные и биохимические методы. Для посева санитарно-показательных микроорганизмов использовали дифференциально-диагностические питательные среды. Для идентификации изучены биохимические свойства выявленных санитарно-показательных микроорганизмов. Установлено, что бактерии рода Enterobacteriaceae образуют колонии красного цвета с темно-красной слизью в центре колонии, без металлического блеска. Стафилококк при БГКП растет в виде округлых, блестящих, маслянистых колоний, часто пигментированных, окруженных радужным венчиком. Установлено, что стафилококки, ферментируют лактозную среду, выделяют кислоту и газы, изменяют цвет лактозной среды с темно-зеленого на желтый. Обнаружено, что Staphylococcus aureus обладает плазмокоагулирующей и лецитовитилазной активностью. Показано, что БГКП ферментирует  среду Кесслера, при этом изменяется цвет среды на желтый и выделяется газ. E. coliферментирует среду Кесслера с образованием газа, а также ферментирует среду лактоза с изменением цвета на желтый с ёвыделением газа. Таким образом, выявленные в наших исследованиях санитарно-показательные микроорганизмы обладают сахаролитическими и протеолитическими свойствами.

скачать/открыть

    Бейшеналиева С.Т., Сагындык к.В., Кырбашова М.Т.,
ИЗУЧЕНИЕ АКТИВНОСТИ ФЕРМЕНТОВ ПЕЧЕНИ
Страницы:23-28      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-23-28

В данной научной статье изучена активность ферментов в сывороткекрови у больных с жировымгепатозомпечени. Целью исследования было комплексное изучение концентрации индикаторных, секреторных и экскреторных ферментов печени в сыворотке крови больных с жировым гепатозомпечени. В исследовании принимали участие пациенты с жировым гепатозом печени. Цельюнашего исследования является изучение активности ферментов в сыворотке крови больныхсжировым гепатозом печени. Экспериментальную группу составили пациенты 55-65 лет с жировым гепатозом.В эксперименте приняли участие 10 мужчин и 10 женщин с жировым гепатозомпечени. Активность ферментов аланинаминотрансферазы (АлАТ), аспартатаминотрансферазы (АСТ), гамма-глутамилтранспептидазы (ГГТ), щелочной фосфатазы (ЩФ) и лактатдегидрогеназы (ЛДГ) в сыворотке крови у больных определяли кинетическим колориметрическим методом.Коэффициент де Ритиса у мужчин, страдающих жировым гепатозом печени, составил 1,2 ед/л, а у женщин - 1,1 ед/л. Таким образом, коэффициент де Ритиса подтверждает, что у больных повреждена печеночная ткань. Среди пациентов, принимавших участие в исследовании, даже у тех, у кого не было избыточного веса, наблюдался жировой гепатоз печени. Однако было подтверждено, что концентрация ферментов в крови пациентов с избыточной массой тела значительно превышает норму. Показано, что активность ферментов трансаминаз повышалась в 1,5 раза в сыворотке крови у больных жировой дистрофией печени 59,1±1,4 ед/л; 64,1±7,6 ед/л. 57,3±1,3 ед/л (P<0,001). Установлено, что уровень ЛДГ в сыворотке кровиубольных составил 495,1±3,3 ед/л, а концентрация ферментов щелочной фосфатазы увеличилась до 150,2±2,5 ед/л. Таким образом, концентрация индикаторных, секреторных и экскреторных ферментов печеночной ткани в сыворотке крови у больных жировым гепатозом печени в несколько раз превышает норму.

скачать/открыть

    Ишенбаева М.А., Бейшеналиева С.Т., Омурзакова Н.Т.,
ГИПЕРТЕРМИЯНЫН МАЙДЫК ЗАТ АЛМАШУУГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
Страницы:29-35      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-29-35

Бул макалада эксперименталдык шартта козголгон гипертермиянын лаборатордук жаныбарлардын организминдеги майдык зат алмашууга тийгизген таасири изилденди.Иштин максаты кыска убакыттагы гипертермиянын таасиринин алгачкы сааттарында эксперименталдык жаныбарлардын кан тундурмасынан майдык зат алмашуунун көрсөткүчтөрүн изилдөө болду. Изилдөө объектиси лаборатордук ак чычкандар. Тажрыйбалык топтогу ак чычкандардын организминде кыска убакытка гипертермия козголду.

Эксперименталдык ак чычкандардын организминде гипертермияны козгоп алып, андан кийин 5 саат аралыгында ак чычкандардын венасынан кан алынып биохимиялык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Жогорку температуранын организмге, анын ичинде липиддик зат алмашууга тийгизген таасирин аныктоо максатында ак чычкандардын кан тундурмасынан липиддик зат алмашуунун көрсөткүчтөрүнүн концентрациясы аныкталды. Кан тундурмасынан липиддик спектрди аныктоо үчүн биохимиялык методдор колдонулду. Кыска убакыттагы гипертермиянын таасиринде лаборатордук ак чычкандардын кан тундурмасындагы жалпы холестериндин (ЖХ), триглицериддердин (ТГ), фосфолипиддердин (ФЛ) концентрациясы төмөндөгөндүгү аныкталды. Гипертермия таасиринде ак чычкандардын кан тундурмасында жогорку тыгыздыктагы липопротеиндердин кармалуусу төмөндөгөндүгү, ал эми төмөнкү тыгыздыктагы липопротеиндердин деңгээли маанилүү өзгөрбөгөндүгү тастыкталды.  Кыска убакыттагы гипертермияда ак чычкандардын кан тундурмасындагы ЖХ концентрациясы 52,3%, ТГ деңгээли 63,3%, ФЛ деңгээли 82,0% чейин төмөндөгөнү аныкталды. Кан тундурмасындагы бул көрсөткүчтөрдүн деңгээлинин төмөндөшү, ошол организм үчүн спецификалуу болгон ТГ биосинтезинин басаңдоосун дагы бир жолу тастыктоодо. Ак чычкандардын кан тундурмасында гипертермиядан кийин ЖТЛП деңгээли - 86,7% чейин төмөндөсө, кан тундурмасындагы ТТЛП концентрациясы дээрлик өзгөргөн эмес, гипертермияда  95,4% түздү. Тажрыйбалык топтогу жаныбарлардын кан тундурмасындагы ЖТЛП төмөндөшү организмдин майдык заттарга болгон талабынын басаңдоосу менен түшүндүрүлөт. Демек, гипертермия организмде жалпы физиологиялык жана биохимиялык процесстерди, анын ичинде майдык зат алмашууну басаңдатат деген жыйынтыкка келдик. Лаборатордук ак чычкандардын организминде гипертермиядан кийин дислипидемиянын өнүккөндүгүн, алардын кан тундурмасындагы триглицериддердин жана холестериндин концентрациясынын төмөндөгөндүгү тастыктады.

скачать/открыть

    Кармышова У.Ж., Нурманбетова А.Т., Жыргалбаева М...,
БОЕК АЛЫНУУЧУ ӨСҮМДҮКТӨР ЖАНА БОЕК АЛУУНУН ЭЛДИК ЫКМАЛАРЫ
Страницы:35-44      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-35-44

Макалада боек алынуучу өсүмдүктөрдүн, боек топтоочу бөлүктөрү  берилип, аны алууну элдик ыкмалары келтирилди. Кыргыз эли өзүнүн узун тарыхында, жашаган айлана-чөйрөсүнө өтө аярдык менен мамиле жасап, кылдат байкоо жүргүзүп жана жаратылыштын кубулуштарын изилдеп-үйрөнүп, өзгөчө бай, көп кырдуу салттуу билим топтоп жана күнүмдүк жашоосунда колдонуп келген. Буюмдарды түрдүү түскө боедо, боегуч заттарды өсүмдүктөрдөн жана башка булактардан алуу ыкмаларын өздөштүрүшкөн. Элдик кол өнөрчүлүктө түстөр жалпы жолунан негизги жана кошумча түстөр болуп экиге бөлүнөт. Негизги түстөр: ак, сары, кызыл, жашыл, көк, кара, сыя;

Кошумча түстѳр: негизги алты түстүн бири менен экинчисинин (же үчүнчүсүнүн)  жуурулушкан кошундусунан пайда болот, алардын саны абдан арбын. Кыргызстанда таралган 4500 түр өсүмдүктүн 80 ге жакыны боек алынуучу өсүмдүктөр болуп саналат, андан элдик кол өнөрчүлүктө 30 жакын түрү кеңири колдонулат.

скачать/открыть

    Кырбашова М.Т., Эркинбекова Ш.Э.,
БИОЛОГИЯНЫ ОКУТУУ ПРОЦЕССИНДЕ КОЛЛЕДЖДИН СТУДЕНТТЕРИНИН ϴЗ АЛДЫНЧА ИШТЕРИН УЮШТУРУУ КϴЙГϴЙЛϴРY
Страницы:44-54      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-44-54

Макалада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана анын талаптарына шайкеш келген башталгыч класстардын заманбап мугалиминин кенже жаштагы окуучулар менен жекече иштɵɵгɵ даяр жана  окуучулардын чыгармачылык кɵндүмдɵрүн калыптандыруучу кесипкɵй инсан  болушундагы Биология дисциплинасынан ɵз алдынча иштердин ролу тууралуу айтылат. Ошондой эле аталган инсандык сапаттарды калыптандыруудагы Биология предметинен ɵз алдынча иштерди туура  уюштуруу абдан маанилүү милдеттердин бири экендиги баса белгиленет. Башталгыч классты окутуу адистигинин студенттеринин  ɵз алдынча иштерге даярдыгын   жогорулатуу үчүн биология предметинен студенттердин ɵз алдынча иштерине натыйжалуу таасир этүүчү педагогикалык шарттары системалуу түзүү аркылуу аларда предметке болгон кызыгууну жана  ɵз алдынча билим алууга мотивацияны жогорулатууга боло тургандыгын эксперимент аркылуу далилденет.

скачать/открыть

    Мырзагалиева Э.Б., Биймырсаева А.К., Мемон Н.Р.,
СВЕДЕНИЯ О ПАРАЗИТАХ РЫБ, ОБИТАЮЩИХ В ВОДОЕМАХ ЧУЙСКОЙ ДОЛИНЫ
Страницы:54-63      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-54-63

Данное исследование предлагает изучение паразитических организмов, заражающих популяции рыб, обитающих в водоемах Чуйской долины. Сосредоточив внимание на трех основных классах паразитов - моногенеях, трематодах и нематодах, - исследователи проводят анализ распространенности, разнообразия и экологических последствий присутствия этих паразитов в водной экосистеме. Кроме того, данное исследование не только вносит ценный вклад в изучение специфической паразитофауны Чуйской долины, но и расширяет наше понимание динамики паразит-хозяин в пресноводных экосистемах. Такие знания необходимы для разработки эффективных стратегий управления и охраны природы, направленных на сохранение биоразнообразия и целостности водных сред обитания. В целом, данное исследование представляет собой ценный ресурс для ученых, студентов, интересующихся экологией и сохранением водных экосистем, подчеркивая важность понимания и решения проблемы паразитарных инфекций в популяциях рыб.

скачать/открыть

    Окен у.Ш., Аблабекова Ж.К., Ашур у.Б.,
СПОРТЧУЛАР ҮЧҮН БИОЛОГИЯЛЫК БААЛУУЛУГУ ЖОГОРУЛАГАН ПРОДУКЦИЯЛАРДЫН МААНИСИ
Страницы:67-74      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-67-74

Макалада спортчулар үчүн биологиялык баалуулугу жогорулаган продукциялардын мааниси   жөнүндө сөз болот.

Тамактануу татаал ырааттуу процесстердин жыйындысын камтыйт: азыктарды алуу, сиңирүү  жана ассимиляция. Тамактануу процесси тамак сиңирүү трактындагы азыктарды сиңирүү менен башталат. Ашказан ширесинин, уйку безинин жана ичке ичегидеги ферменттердин таасири астында белокторду аминокислоталарга, майларды май кислоталарына жана глицеринге, углеводдорду глюкозага, фруктозага жана галактозага ыдыратууга жардам берет. Күнүнө эки жолу күн сайын машыгуу, жогорку психикалык жана эмоционалдык стресс, иммундук системанын төмөндөшү, мелдештер учурундагы аба ырайынын жагымсыз шарттары спортчудан протеинди керектөө курсун эки эсеге көбөйтүүнү талап кылат, анткени алардын организминде бардык метаболизм процесстери өтө интенсивдүү болот. Белок азыктарынын жетишсиздиги акырындык менен организмдин көптөгөн функцияларынын бузулушуна алып келет: дене салмагынын азайышы, өсүү артта калуусу жана өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшү. Тамак-аш азыктарынын биологиялык жана энергетикалык баалуулугу алардагы аш болумдуу заттардын курамы менен аныкталат.

скачать/открыть

    Сазыкулова Г.Ж., Содомбеков И.С., Ашымбаева Б.А.,
ЫСЫК-КƟЛ ƟРƟƟНҮНДƟ КЕЗДЕШКЕН ЭРИН ГҮЛДҮҮЛƟР ТУКУМУНДАГЫ (LABIATAE) КЭЭ БИР ЭФИРМАЙЛУУ ƟСҮМДҮКТƟР
Страницы:75-81      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-75-81

Макалада Ысык-Көл өрөөнүнүндөгү эрин гүлдүүлөр тукумундагы эфирмайлуу өсүмдүктөрдүн кээ бир жапайы түрлөрү боюнча кыскача маалыматтар берилген. Илимий жана салттуу элдик дарыгерчиликте  колдонулушу көрсөтүлөт. Бул маалымат дары-дармек өсүмдүктөрүн жыйноо мезгилинде  кызыктар тараптарга пайдалуу болушу мүмкүн. Адабий булактардын жана институттун эфирмайлуу жана дары өсүмдүктөр лабораториясынын  маалыматтары боюнча эфирмайынын кармалышы жана өскөн жерлери аныкталган. Ысык-Көл өрөөнүнүн флорасында кезиккен жапайы  эфирмайлуу  өсүмдүктөр боюнча изилдөөлөр  албетте, ар бир түрү үчүн кошумча түшүндүрмөлөрдү жана терең комплекстүү изилдөө талап кылынат.

скачать/открыть

    Шыныбекова Г.О., Мухами Н.Н., Кожабергенов Н.С., Султанкулова К.Т., Абаева М.Р., Жаксылык М.Р.,
ИКСОД КЕНЕЛЕРИНДЕ КЕНЕ ЭНЦЕФАЛИТИНИН ВИРУСУН АНЫКТОО
Страницы:81-88      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-81-88

Борбордук нерв системасынын инфекциясын пайда кылган тве вирусу дүйнө жүзү боюнча саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү болуп саналат. Кене энцефалит вирусу Казакстандын бардык жаратылыш аймактарында тарайт. Комплекстүү мониторинг региондордогу эпидемиологиялык кырдаалды аныктоого, ар кандай вирустардын жаңы жана потенциалдуу очокторун аныктоого, жаныбарлар жана адамдар үчүн коркунуч туудурган патогендердин жаңы же өзгөртүлгөн түрлөрүн бөлүп көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Ар кандай талаа, жарым чөл жана чөл жаратылыш комплекстери көптөгөн жаныбарлардын – потенциалдуу кенелердин азыктандыруучу жайлары болуп саналат. Иксод кенелери жаныбарлардын жана адамдардын ден соолугуна коркунуч туудурган вирустун негизги алып жүрүүчүлөрү болуп саналат. Өлкөнүн ландшафттык-климаттык шарттарынын жана жаныбарлар дүйнөсүнүн ар түрдүүлүгү ар кандай патогендердин очокторунун болушуна шарт түзөт, биринчи кезекте кенелер менен байланышкан. Акыркы бир нече он жылдыкта Казакстанда кенелердин саны да, кене аркылуу жугуучу оорулардын саны да көбөйдү. Кене энцефалитинин көпчүлүк учурлары жазында жана күзүндө болот, бул кенелердин активдүүлүгүнүн жогорулашы менен байланыштуу.

Бул иш айыл чарба жаныбарларынан: ири мүйүздүү малдан, майда мүйүздүү малдан, жылкылардан чогултулган кене энцефалит вирусун аныктоо максатында, алар жашаган жерлерде, жеке короолордо жана фермаларда, ошондой эле чөп жана бадал өсүмдүктөрүнөн табылган. Изилдөө жүргүзүү үчүн кенелер кене энцефалитинин эндемиги болгон Алматы облусунун аймагында кармалган. Кан соргуч курт-кумурскалардын жогорку активдүүлүк мезгилинде, 2021-2022-жылдары 477 иксод кенелеринин үлгүлөрү алынган. Идентификациялоо учурунда жыйналган кенелер Ixodidaeүй-бүлөсүнүн 4 түрүнө таандык экени аныкталган: Dermacentor marginatus, Dermacentor reticulatus, Hyalomma asiaticum, Hyalomma scupense. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында кене энцефалитинин вирусуна карата 0,63% оң анализдер табылды. Ошондой эле электрондук микроскопиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, кене энцефалитинин вирусунун бар экендиги аныкталды, анткени Flaviviridaeвирусунун вириондору аныкталды.

скачать/открыть


ГЕОГРАФИЯ

    Дылдаев М.М., Чотиев Ж.Б., Кочоров Ч.О.,
ЭКОЛОГО-ГЕОГРАФИЧЕСКИЕ ПОДХОДЫ В ИССЛЕДОВАНИИ ЭКОСИСТЕМЫ СНЕЖНОГО БАРСА В КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКЕ
Страницы:88-95      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-88-95

Эколого-географическая оценка высокогорных экосистем ареала распространения снежного барса и его кормовой базы в Кыргызской Республике, в настоящее время является одним из важных направлений в оценке биоразнообразия.   Глобальные климатические изменения, нарушение функционирование горных экосистем в результате антропогенного прессинга представляют угрозу для всего уникального биоразнообразия высокогорных ландшафтов, в том числе и для ареала снежного барса и его кормовой базы. При этом вопросы, касающиеся экологической безопасности и тенденций   развития высокогорных экосистем  в условиях глобализации, угрозы по деградации  ареала обитания снежного барса в Кыргызской Республике, а также подходы по  методике исследования,  а именно  эколого-географической оценки экосистем   снежного барса  по территории республики  с научной оценкой  его кормовой базы,  должна стать одним из главных  приоритетов экологической безопасности республики. 

скачать/открыть

    Ниязова Н.Д., Турдалиева А.Ж.,
ТАШТАНДЫНЫН ЭКИНЧИ ЖАШООСУ (ТИРИЧИЛИК ТАШТАНДЫЛАРЫН КАЙРАДАН ИШТЕТҮҮ)
Страницы:95-100      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-95-100

Бүгүнкү күндө ар бир адамды айлана-чөйрөнүн экологиясы тынчсыздандырууда. Көбүнчө адам күнөөлүү. Ал бир нече ондогон жылдардан кийин биздин башыбызга эмне болорун ойлобойт. Таштандыларды үйдөн алып чыгып, андан кийин эмне болорун ойлогон адамдар аз. Эл таштандыны көмүп же өрттөсө андан арылса болот деп эсептешет, бирок зыяндуу заттар топуракка, дарыя-көлдөргө кирип, ичкен сууну, күйгөндө дем алган абаны ууландырат. Таштандыларды чыгаруу маселеси чечилбестен кала берет. Азыртадан эле ал жаңы экологиялык кырсыктар менен коркутууда. Жогорку окуу жайында Экология предметинен ар түрдүү багытта окуган студенттердин өз алдынча жасаган иштеринен «Таштандынын экинчи жашоосу» аттуу темага көӊүл буруу керек экендигин баса көрсөтөт.

скачать/открыть

    Сеитова М.У., Токталиева Г.Р., Акжолтоева Р...,
АЛАЙ ТООСУНУН ТҮНДҮК КАПТАЛЫНДАГЫ АЙРЫМ ӨСҮМДҮКТӨРДҮН ТҮРЛӨРҮНҮН ЭКОЛОГИЯЛЫК МААНИСИ
Страницы:100-109      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-100-109

Макала Алай кырка тоосунун түндүк капталынын флорасынын кээ бир орчундуу маселелерин изилдөөгө арналган. Борбордук Азияда жайгашкан Памир тоо кыркалары дүйнөдөгү эң бийик жана эң татаал тоолордун бири. Памир-Алай кырка тоосунун флорасынын уникалдуулугу, алардын морфологиялык өзгөчөлүктөрү ошол аймактын табигый-климаттык шарттары менен тыгыз байланышта. Өсүмдүктөрдүн бүт түрү, тукум жана уруусу тарыхый жактан ушул аймакта калыптанган. Макалада ошондой эле аймактын экосистемасында маанилүү роль ойногон бийик тоолуу аймактардын шарттары, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн зоналык дифференциациясы каралат.

 Алай кырка тоосунун флорасы ботаникалык жана географиялык жактан аз изилденген. Кыргызстандын тоо кыркаларында өсүмдүк катмарынын таралышынын жалпыланган аныктамалары бар, бирок ошол эле учурда айрым аймактардын, анын ичинде Алай кырка тоосунун ландшафттык тилкелерин дифференциалдуу изилдөө илимдин эң актуалдуу проблемаларынын бири бойдон калууда.

скачать/открыть

    Туткучбаева К.А.,
“КАРА-БУУРА” МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНЫН ТОПУРАГЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА ЭКОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫ
Страницы:110-115      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-110-115

Келечек муундар үчүн өзгөчө экономикалык, эстетикалык баалуулукка ээ болгон уникалдуу жаратылыш комплекстерин, токой жерлерин, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактап калуу максатында мамлекеттик жаратылыш паркы жаратылыш шарттарынын жана жаратылыш ресурстарынын байлыгы жана көп түрдүүлүгү менен айырмаланат. “Кара-Буура” мамлекеттик жаратылыш паркы арча жана карагай токойлору, тарыхый эстеликтер жайгашкан, жаныбарлардын популяциясынын сейрек кездешүүчү түрлөрү белгиленет. Кооз субальп жана альп шалбаалары өздөрүнүн көркүнө суктанышат. Мамлекеттик “Кара-Буура” жаратылыш паркынын түндүгүндө Тянь-Шань тоо кыркалары жана эң бийик муз каптаган Манас чокусу (4488 м.) жайгашкан

Эң негизгиси, мамлекеттик жаратылыш парк өзүнүн токойлору жана талаалары менен толукталат. Табигый түрдө арчалардын бирдей кылкада жайгашпай ар түрдүү өскөндүгү бул, алардын табигый жол менен пайда болгондугунда.  Мында, бадал өсүмдүктөрү, долоно, четин, карагай, кайындардын да жайгашуусу ар түрдүү болуп эсептелет. 

скачать/открыть